2022-2023 – ОКУУ ЖЫЛЫНА 1-КЛАССТЫН БАЛДАРЫН ЭЛЕКТРОНДУК КАТТООНУН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ
2022-2023— окуу жылына балдарды биринчи класска электрондук каттоо mektep.edu.gov.kg сайтында төмөнкү графике ылайык жүргүзүлөт:
- 11-апрелден саат 09:00 27-июнга чейин саат 08:59га чейин —юридикалык жашаган жери боюнча.
- 27-июндан саат 09:00дөн баштап 10-августка саат 10:00гө чейин— чыныгы жашаган жери боюнча.
Арыз берген ата-эненин мыйзамдуу өкүлдүн инсандыгын ырастоочу документтери (паспорт, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк), ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери болбосо, баланы мектепке каттоого мүмкүн эмес!
2022-жылдын 11-апрелине чейин ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкүлөрдү даярдашы керек:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- жеке идентификациялык номер (ЖИН — ата-эненин/мыйзамдуу өкүлүнүн жана баланын паспортунда көрсөтүлгөн 14 сандан турган идентификациялык номер. Ал жок болгон учурда жашаган жери боюнча калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу керек.
- Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында каттоо дарегинин болушун текшерүү.
Программалык деңгээлдеги система жарандардын төмөнкү жеңилдетилген категорияларына артыкчылык берет:
- үй-бүлөлөрүнүн жашаган жери боюнча аскер кызматчыларынын балдары;
- тиешелүү күбөлүк көрсөткөндө Кыргыз Республикасына көчүп келген жана кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздардын балдары;
- үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына карата ушул жалпы билим берүү уюмунда бир жылдан кем эмес иштеген мектептердин мугалимдеринин жана кызматчыларынын балдары.
2022-жылдын 11-апрелине чейин аскер кызматкерлери, кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар, мугалимдер жана мектеп кызматкерлери баланы мектепке каттоо учурга карата жогоруда аталган документтерге кошумча иштеген жеринен маалымкат (справка) даярдашы керек.
Ата — эне/ мыйзамдуу өкүл баланы биринчи класска кабыл алуу жөнүндө билдирме алгангандан кийин, учурдагы жылдын 1 — августунан баштап 10-сентябрынан кечиктирбестен мектепке төмөнкү тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү:
- мектепке кабыл алуу жөнүндө ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин арызы;
- баланын жана ата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин инсандыгын ырастоочу документтери — нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жанаата-энелеринин/ мыйзамдуу өкүлдөрүнүн биринин паспорту;
- ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
- алынган эмдөөлөр жөнүндө медициналык маалымкаттын түп нускасы (белгиленген формалар);
- баланын 3х4 см. өлчөмүндөгү сүрөтү.
1 — августан баштап 10-сентябрга чейин мектепке тастыктоочу документтерди алып барбаган учурда бала 1-класска кабыл алынбайт
Ата-энелер үчүн статьялар
Скачать “Психологические особенности мальчиков и девочек подростков”
Скачать “Памятка родителям о физическом наказании”
Скачать “Компьютерная зависимость у подростков”
Скачать “Подростковый возраст”
Скачать “Профилактика асоциального поведения у подростков”