2018- жылдын 23- сентябрында КР нын мамлекеттик тили кыргыз тилинин 29 жылдык майрамы мектеп ичинде өткөрүлдү. Майрамдык кече КРнын кыргыз тил гимни менен салтанаттуу ачылды. Алып баруучулардын саламдашуусунан кийин куттуктоо үчүн №43 толук эмес орто мектебинин директору Н.Т.Алагушова сөз сүйлөдү. Кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Н.Пайзилдаева “Эл дөөлөтү – эне тил” деген темада доклад окуду.
“Манас кыргыз рухунун туу чокусу” деп айткан улуу жазуучубуз Ч.Айтматов . Андыктан кеп кезеги манасчыларда болду. Улуттун, улут экенин сактап турган-анын тили. Андыктан кыргыз атын өчүрбөө үчүн , кыргыз тилин сактоо ар бирибиздин милдетибиз.
Ч.Айтматовдун “Атадан калган туяк” чыгармасынан үзүндү 5-Б классынын окуучуларынын аткаруусунда коюлду. Кыргыз тили жана адабияты мугалими А.Орозакунова жаш акын Б.Жамгырчиевдин ырынан үзүндү окуп, майрамдык кечени жыйынтыктады.
Комментарии