ТЭОМ №43 №43 толук эмес орто мектеби

Мектеп

Мектептин тарыхы

Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №43 толук эмес орто мектеби 2008-жылы 1-сентябрда 9 жылдык мектеп болуп ачылган. Алгачкы жылы 460 окуучу бул мектепте билим алышса , жыл сайын билим уясына жакынкы конуштардан да окуучулар келип окуп , мектептин контингенти чонойгон.2012-жылы мектептин 9-классынын эн алгачкы бутуруучулору колдоруна негизги билим жонундо куболукту алып , кесиптик лицей, колледж, орто мектептерге сапар алышкан .

2018-2019-окуу жылында мектепте 1104 окуучу билим алып жатышат. Жалпы 31 класс комплектоодон отту. Жаш муундарга татыктуу тарбия беруудо 43 мугалим талыкпай эмгектенуудо. Алардын ичинен 34 жогорку билимдуу, 6 атайын орто, 3 бутпогон жогорку жана 2 жаш адис бар.

Оздорунун татыктуу эмгегин дале корсотуп иштеп жаткан 3 мугалим – Эл агартуунун отличниги. Жаш адистерге насаатын айтып, жол корсоткон 4 пенсионер эмгектенет.

Башталгыч класстын 1-4-класстары 4 сменде, 5-9-класстар 3 сменде окушат. Сабак 7-30 да башталат.

Жетишкендиктер:

Райондук “Жылдын мыкты мугалими” кароо сынагына катышып, орун алган мугалимдер:

  • 2012-жылы башталгыч классынын мугалими Турусбекова Айсулуу Конурбаевна “Мыкты класс жетекчи” номинациясына катышып, 3-орунду ээлеген
  • 2013-жылы башталгыч классынын мугалими Бугубаева Махабат Тобокеловна “Мыкты класс жетекчи” номинациясына катышып, 3-орунду ээлеген
  • 2015-жылы биология мугалими Мамбетомур кызы Назира “Мыкты мугалим” номинациясына катышып, 3-орунду ээлеген
  • Башталгыч класстын мугалими Жумагулов Таалай Казипович “Жаш мугалим” номинациясына катышып, райондун грамотасы жана баалуу белектер менен сыйланган
  • 2017-жылы биология мугалими Отомбаева Таттуугул Айдарбековна “Мыкты мугалим” номинациясына катышып, 2-орунду алып , шаардык кароо сынакка жолдомо алган.