ТЭОМ №43 №43 толук эмес орто мектеби

Институционалдык

                                                                                                                                                                  БЕКИТИЛДИ

 

Бишкек шаарынын Свердлов районунун

№43 толук эмес орто мектебинин

 өзүн-өзү баалоо комиссиясынын

О Т Ч Е ТУ

Мектеп директору:Алагушова Нурия Турарбековна
Телефону: Моб.тел :+996(312)88-77-17+996(702)626868
Электрондук дареги:[email protected]
Мектептин сайты:www.43.edubish.kg
Жайгашуу орду:Бишкек шаары, Свердлов району, Ак-Бата конушу, 7 көчөсү, 53 үй, мектептин индекси 720039
Уюштуруу – укуктук формасы:Билим берүү мекемеси.
Өздүк формасы:  Муниципалдык мекеме
Билим берүү мекемесинин аталышы:№43 толук эмес орто мектеби
Салык төлөө боюнча идентификациялык номер (ИНН):02506200910052
Каттоо номери:106471-3301-У-e
КОД ОКПО юридикалык жак:26614113
ГПЮ сериясы:№0006183

Кыскача маалымат:

Мектептин курулган жылы:2008-жыл
Имараттын сыйымдуулугу:198 окуучуга ылайыкталган, азыркы учурда 1108 окуучу билим алат.
Педагогикалык жамааттын саны:46 мугалим, айкалыштырып иштегени-2
Окутуу тили:кыргыз  1-класстан 9-класска чейин
Иштөө режими:1-смен  7:40-11:45,  2-смен 11:50-15:05,  3-смен  15:10-19:15
Акыркы жолу аккредитациядан өткөн жылы:Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын. 9-январындагы №13/1 буйругу менен  №43 толук эмес орто мектеби 2023-жылдын 9-январына чейин аккредитациядан 5-жылга өткөн.
Сертификат:№СС180004232
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери:02506200910052
Кубаттуулугу, сыйымдуулугу:Мектеп 1 кабаттан турат,  10 окуу кабинети, спортзал, китепкана жана 40 орундуу ашкана бар.

Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:

Ар тараптан өнүккөн, чыгармачыл, изденген, Ата-Мекенин сүйгөн, аны коргой билген, патриоттук духта тарбияланган, социалдык жана кесиптик жактан компетенттүү, толеранттуу инсанды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү.

Мектептин негизги усулдук  темасы:

“Сапаттуу билим берүү менен окуучулардын ишмердүүлүгүн жана компетенттүүлүгүн арттыруу”

Жетишкендиктер: 

2018-окуу  жылында Свердлов районундагы “Чынгыз Айтматов ар бир баланын жүрөгүндө” фестивалына башталгыч класстын мугалими Турусбекова Айсулуу Коңурбаевна өзүнүн 1-А классы менен катышып, III орунду алышкан.

2019-жылы райондук “Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунда башталгыч класстын мугалими Турусбекова Айсулуу Коңурбаевна катышып, байгелүү орунга ээ болгон.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 31-жылдыгына карата өткөрүлгөн “Китеп билим булагы” шаардык кароо сынагында 1-орунду алгандыгы үчүн 8-А классынын окуучусу Мейманова Гүлдана Бактыбековна “Ардак грамота” жана велосипед менен сыйланган.

2020-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими Мирсултан кызы Эльнура Свердлов районунда жаш мугалимдер арасында дил баян  жазуу конкурсунда I  орунду алган.

2021-жылы 1-июнь Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата жалпы билим берүү уюмдарынын арасында өткөрүлгөн ” Наристе Манасчы” шаардык сынагында 1-Б классынын окуучусу Оболбонов Нурислам II орунду алган.

2022-жылы 14-мартта Бишкек шаары боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан семинар жогорку деңгээлде  болду. Семинарды кыргыз тили жана адабияты мугалимдери: Орозакунова Айгул Эмиловна, Жолдошбаева Феруза Гулямовна, Базарбаева Жазира Базарбековна, Эсенбеков Темирлан Эсенбекович өтүштү.

Мамалекеттик тилдин 33-жылдыгына карата “Дилгир” шаардык кароо-сынагында “30 жашка чейин мугалимдер”  аталмасында  I орунду алгандыгы үчүн кыргыз тили жана алабияты мугалими Эсенбеков Темирлан Эсенбекович Ардак грамоты менен сыйланган.

2022-жылы 25-ноябрда райондук “Милициянын жаш досу” конкурсунда 8-В класс катышып, Ардак Грамота менен сыйланышты.

2022-жылы 29-декабрда кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозакунова Айгул Эмиловна окуучулары менен “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна катышып, атаандашын жеңип, II орунга өтүштү.

2023-жылы 27-январда ошол эле команда “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна катышып, III турга өтүштү.

Спорттук мелдештер:

  • 4-Б классынын  окуучусу Адаминов Раатбек  “Кубок Носова Нижний Новгород-2022”  дзюдо боюнча Эл аралык турнирде I орунга ээ болгон.
  • 3-Б классынын окуучусу Ишеналиев  Сыймык  дзюдо боюнча Эл аралык мелдеште I орунга ээ болгон.
  • 9-А классынын окуучусу Акботоева Альбина шахмат боюнча шаардык турнирде I орунду алган.
  • 9-Б классынын окуучусу Токтосапарова Самара  ДЮСШнын шахмат боюнча квалификациялык турниринде III орунду алган.
  • 8-А классынын окуучусу Бырышбаева Акылай ДЮСШнын шахмат боюнча квалификациялык турниринде I орунду алган.
  • 2022-жылдын 14-ноябрында 4-Б классынын  окуучусу Адаминов Раатбек  дзюдо боюнча Туркистандагы Эл аралык мелдеште I орунга ээ болгон.
  • 2022-жылы 11-июлда 4-Б классынын  окуучусу Адаминов Раатбек  дзюдо боюнча Алматы шаарындагы Эл аралык мелдеште II орунду багындырган.

Минималдуу талаптардын аткарылышынын анализи жана далилдери: 

Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
1.1.      Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясаты
1.1Жалпы билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички актылардын болушу№43 толук эмес орто мектебинде нормативдик-укуктук камсыздоонун негизи болуп төмөнкү документтер эсептелет:

1. КРнын конституциялык мыйзамы;

2. КР Билим берүү жөнүндө мыйзамы;

3. Мугалимдин статусу жөнүндө мыйзамы;

4. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамы;

5. КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамы;

6. КРнын Мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы;

7. Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамы;

8. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамы;

9. Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты;

10. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама;

11. КРнын Эмгек Кодекси;

12. КРнын балдар жөнүндө Кодекси,

13. КРнын укуктук-ченемдик актылары;

Мектеп-өз ишин төмөнкү ченемдик документтердин негизинде жүргүзөт: мектептин уставы, локалдык актылар, мектептин өнүгүү планы, келишим,буйруктар,  эрежелер жана жоболор.

1.КРнын конституциялык мыйзамы

2.КРнын билим берүү жөнүндө мыйзамы

3.Мугалимдин статусу жөнүндөгү мыйзамы

4.Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамы

5.КРнын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө мыйзамы

6.КРнын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамы

7.Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамы

8.Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамы

9.Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты

10. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама

11. КРнын Эмгек кодекси

12.КРнын балдар жөнүндө кодекси

13.КРнын укуктук-ченемдик актылары

14.Мектептин күбөлүгү

15.Мектептин уставы

16.Мектептин структурасы

17.Жамааттык келишим

18.Мектептин өнүгүү планы

Билим берүү мекемесин башкарууну жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылар:

19.Педагогикалык кеңеш жөнүндө жобо

20.Директор алдындагы кеңешмеси жөнүндө жобо

21.Өндүрүштүк кеңешме жөнүндө жобо

22.Ата-энелер комитети жөнүндө жобо

23.Илимий-усулдук кеңешинин жобосу

24.Жогорку класстын окуучуларынын кеңешин түзүү жобосу

25.Талаш-тартыштарды жөнгө салуучу комиссия жөнүндө жобо

Билим берүү мекемесинин ишинин уюштуруучулук аспектилерин жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылары

26.1-класска кабыл алуу жөнүндө жобо

27.Окуучуларды мектепке кабыл алуу жобосу

28.Жаш мугалимдер мектеби жөнүндө жобо

29.Мектеп окуучуларынын бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө жобо

30.Насаатчылык жөнүндө жобо

31.Психологиялык кызматтын жобосу

32.Мектеп-администрация жетекчилеринин жарандарды жеке кабыл алуу

33.Аралыктан окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобо

34.Эмгек тартибинин ички эрежелери

35.Мектептин иштөө тартиби

Окуу процессин уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылары

36.Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо

37.ЖМА жөнүндө жобо

38.Зээндүү жана таланттуу окуучулар менен иштөөнүн жобосу

39.Мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин алуу. толтуруу. берүү жана сактоо жөнүндө жөнүндө жобо

40.Окуудагы жетишпеген окуучулар менен иштөө жобосу

41.Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо системасы жөнүндө жобо

42.Окуучулардын портфолиосу жөнүндө жобо

43.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар жана алардын ата-энеси менен иштөөнүн жобосу

44.Текшерүү иштерин жүргүзүү жөнүндө жобо

45.Окуу сабактарына катышуу жобо

46.Педагогикалык жамаатынын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникаларынын эрежелерин сактоо инструктажы

Билим берүү программаларын ишке ашыруунун шарттарын жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылар:

47.Админстративдик контролдук иштерди жүргүзүү жөнүндө жобо

48.Ачык сабактарды өтүү жөнүндө жобо

49.Ички көзөмөлдү жүргүзүү жөнүндө жобо

50.Календарлык-тематикалык пландаштыруу жобосу

51.Күндөлүктү толтуруунун жобосу

52.Мугалимдердин методикалык күнү жөнүндө жобо

53.Окуу дептерин жүргүзүү жана аларды текшерүү жөнүндө жобо

54.Окуу кабинетинин жобосу

55.Предметтик декадаларарынын өткөрүлүшү жөнүндө жобо

56.Сабактын план-конспектисин жазуу жөнүндө жобо

57.  Усулдук бирикменин жобосу

58. Мектеп ичиндеги предметтик олимпиаданы өткөрүү жөнүндө жобо

Окуучуларды колдоо, алардын укуктарын, милдеттерин, коомдук иш-чараларды жөнгө салуучу жергиликтүү ченемдик актылар.

59. Арыз даттанууларды кабыл алуу жобосу

60.Дежур болуунун жобосу

61.Ийримдердин иштери жөнүндө жобосу

62.Ишеним почта жөнүндө жобосу

63.Китепкана жөнүндө жобо

64.Окуу китептерин колдонуу жөнүндө жобо

65.Коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө жобо

66.Маалыматтык коопсуздук жөнүндө жобо

67.Майып балдарга кызмат көрсөтүү жөнүндө жобосу

68.Мектеп окуучуларынын спартакиадасы жөнүндө жобосу

69.Окуучулардын ден соолугуна жана өнүгүшүнө зыян келтирүүчү интернеттеги маалыматтардан коргоо боюнча жобосу

70.Окуучуларга психологиялык-педагогикалык жактан жардам көрсөтүү боюнча жобосу

71.Окуучуларды мектеп ичиндеги каттоого коюу жөнүндө жобосу

72.Медициналык кабинет жөнүндө жобосу

73.Дене тарбия сабагындагы коопсуздук жөнүндө жобосу

Билим берүү уюмунун кызматкерлеринин укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылары

74.Мектеп жетекчилеринин функционалдык милдеттери

75. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө жобосу

76. Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча комиссия жөнүндө жобосу

77. Педагогикалык кызматкерлеринин кызыкчылыктарынын кагылышуусу жөнүндө жобосу

78. Кызматкерлердин жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы жөнүндө жобосу

79.Мектептин өрт коопсуздугу боюнча жобосу

80.Мугалимдердин портфолиосу жөнүндө жобо

81.Педагогдук ишти иштөө укугу

82.Педагогикалык персоналдардын кесиптик этикасынын ченемдери жөнүндө жобосу

83.Эмгекти коргоо жөнүндө жобосу

84.Эмгек тартибинин ички эрежелери

85.Квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобосу

Билим берүү мамилелерин жөнгө салуучу нормативдик актылары

86.Арыз даттанууларды кабыл алуу жобосу

87.Педагогикалык персоналдардын кесиптик этикасынын ченемдери жөнүндө жобосу

Маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жөнгө салуучу локалдуу ченемдик актылары

89. Маалыматтын ачыктыгы жөнүндө жобо

90.Билим берүү уюмунун расмий сайты жөнүндө жобосу

91.Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобосу

92.Интернетти пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө жобо

 

1.2

Жалпы билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыктар тараптардын керектөөлөрүн жана ар жылдык өзүн-өзү баалоонун натыйжаларын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландарынын болушМектеп-2018-2023-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы иштелип чыккан, педагогикалык кеңеште каралган жана мектеп директору тарабынан бекитилген. Жылдык пландар коллегиялуу түрдө түзүлөт жана мектепти өнүктүрүү программасы, ошондой эле билим берүү башкармалыгынын иш пландары, мектептен тышкаркы иштерди уюштурууну камсыз кылуучу түзүмдөр менен жүзөгө ашырылат.Мектептин өнүгүү программасы билим берүү жана тарбия берүү системасын өнүктүрүү, башкаруу системасын жандандыруу, маалыматтык жактан камсыздоо, комфорттуу мектеп, педагогдун ыкмалык маданияты, педагогикалык заманбап технологиялуу мектеп, окуучунун ден соолугу, окуучулардын изилдөөчүлүк маданиятын өз ичине камтыйт.

Мектептин ар жылдык өзүн-өзү баалоосу окуу жылынын аягында жалпыланат.

Мектептин ишин талдоонун мониторингинин жыйынтыгы боюнча администрация кийинки окуу жылына милдеттерди коет.

1. Мектептин өнүгүү планы

2.Мектептин айлык иш пландары 2020-2021-окуу жылы

3.Окуу тарбия иштери боюнча жылдык план (3жыл)

4.Окуу тарбия иштеринин циклограммасы (2020-2021)

5.Окуу тарбия иштеринин циклограммасы (2021-2022)

6.Окуу тарбия иштери боюнча айлык иш план (2021-2022)

7.Ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынын анализи 2021-2022-окуу жылы

8.Ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынын анализи 2020-2021-окуу жылы

9.Ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынын анализи 2019-2020-окуу жылы

10.2022-2023-окуу жылындагы усулдук иштер боюнча жылдык иш планы

11.2021-2022-окуу жылындагы усулдук иштер боюнча жылдык иш планы

12.Усулдук иштердин анализ отчету (3 жыл)

13.Тарбия иштеринин жылдык иш планы ( 3 жыл )

14.Тарбия иштеринин жылдык отчету ( 3 жыл )

15.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2022-2023-окуу жылы

16.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2021-2022-окуу жылы

17.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2020-2021-окуу жылы

18.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2019-2020-окуу жылы

19.Социалдык педагогдун жылдык отчету ( 3 жыл )

20.Класстан тышкаркы иштерди пландаштыруу

21.Уюштуруу иштеринин жылдык иш планы ( 3 жыл )

22.2022-2023-окуу жылына түзүлгөн ички көзөмөлүнүн жылдык планы

1.3Билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатын ишке ашыруу жана билим берүү структураларынын болушуБилим берүүнүн сапатын камсыз кылуу саясатын ишке ашыруу мектептин администрациясы, педагогикалык кеңеш, усулдук бирикме, ата-энелер комитети, окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюму тарабынан  жүргүзүлөт. Билимдин сапатын жогорулатуу боюнча мугалимдин ишине көз салуу жана талдоо класстар боюнча, предметтер боюнча билимдин сапатына мониторинг жүргүзүү аркылуу жүргүзүлөт.Окуучулардын билим сапатын көтөрүүгө карата методикалык бирикмелерде, методикалык кеңеште, педагогикалык кеңешмелерде предметтердин берилиши, абалы, окутуунун методикалык ыкмалары, предметтер боюнча билим сапатынын мониторинги каралып, жетишкендиктери, кемчиликтери талкууланып, баалоо, толуктоолор жана сунуштар берилет.

Окуучулардын билим сапатын камсыздоо саясатын жүргүзүүдө жооптуу адамдар буйруктун негизинде бекитилген, өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин так билет, ар бир мугалимге предметтери, класстары боюнча салыштырмалуу мониторинг жүргүзүлөт.

1.  Педагогикалык кеңеш жөнүндө жобосу

2.Педагогикалык кеңешмесинин протоколу 2022-жыл

3. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын кызматтык нускамасы

4.Усулдук иштер боюнча директордун орун басарынын функционалдык милдеттери

5.Усулдук бирикменин жобосу

6.Мектеп ичиндеги предметтик олимпиаданын отчету, жобосу, маалыматы

7. Класстык журналды толтурууга жана сактоого бирдиктүү талаптар жөнүндө жобосу

8.Журнал текшерүүнүн планы анализдери 2021-2022-окуу жылы

9.Дептер текшерүүнүн анализи

10.Салыштыруу анализ мониторинги ( 3 жыл )

11. Мектеп олимпиадасы 2021-2022-окуу жылы

12.Мектеп ичинде өткөрүлгөн предметтик олимпиада боюнча анализ (2021-2022)

13.Предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы (2018-2019)

14.Предметтер боюнча окуучулардын жетишүү мониторинги ( 2 жыл )

15.Билим сапаты боюнча отчет 2021-2022-окуу жылы

16.Билим сапаты боюнча отчет 2020-2021-окуу жылы

17.Билим кесилиштери 2019-2020-жыл

18.Билим кесилиштери 2022-2023-жыл

19.1-чейректин предметтер боюнча мониторинги

20.Ички көзөмөлдү жүргүзүү жөнүндө жобо

1.4Кызматкерлердин жана окуучулардын жүрүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (уюштуруу маданиятынын калыптанышы, билим берүүнүн жана инсандын баалуулугун колдоо, маданий көп түрдүүлүк)Этикалык нормалар жана жүрүм-турум эрежелери жамааттын жалпы чогулушунда, класстык, ата-энелер чогулуштарында талкууланган жана кабыл алынган, мектептин директору тарабынан бекитилген.Мектеп ичинде атайын этика комиссиясы түзүлгөн. Мугалимдер арасында пикир келишпестиктер жаралып калса, тараптардын оюн угуу менен калыстык туура чечилет. Бул комиссия этикалык ченемдер бузулган учурда жана жеке кайрылуулардын негизинде иш жүргүзөт. Түзүлгөн план-графиктин негизинде мектеп парламентинин мүчөлөрү окуучулар арасында рейд жүргүзөт. Мисалы: окуучулук форма, окуу куралдардын ирети, өздүк тазалыгы, кабинеттин тазалыгы, окуудагы жетишкендиктери, кечигип келүүсү ж.б. Өткөрүлгөн рейддин жыйынтыгы мугалимдердин өндүрүштүк кеңешмесинде каралып, анализ жүргүзүлөт.1.Педагогикалык персоналдардын кесиптик этикасынын ченемдери жөнүндө жобосу

2.Педагогикалык кызматкерлердин профессионалдык этикасынын кодекси

3.Окуучулардын этикалык кодекси

4.Мугалимдердин кызматтык милдеттери

5. Талаш-тартыштарды жөнгө салуучу комиссия жөнүндө жобосу

6.Жогорку класстын окуучуларынын кеңеши жөнүндө жобосу

7.Педагогдордун жана ата-энелердин укуктары

8. Арыз даттанууларды кабыл алуу жобосу

9.Өзүн -өзү башкаруу уюмунун жалпы жобосу

10.Өзүн -өзү башкаруу уюмунун жалпы структурасы

11.Дежур болуунун жобосу

12.Мектеп окуучуларынын бирдиктүү мектеп формасы жөнүндө жобосу

13.Эмгек тартибинин ички эрежелери

14.Дежур мугалимдин графиги

15.Талаш-тартышты жөнгө салуучу комиссия жөнүндө буйрук

1.5Баалоо жүргүзүү, ишти уюштурууну пландаштыруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушуБилим берүү чөйрөсүнүн физикалык жана психологиялык коопсуздугу мугалимдин жана окуучунун физикалык жана психикалык ден соолугун аныктоочу интегративдик мүнөздөмөлөр болуп саналат.Бул мүнөздөмөлөр жалпысынан педагогдордун жана айрыкча социалдык педагогдун стратегиялык багыты катары кызмат кылат. Бул иштин бардыгы жазылып, талданат. Ошонун натыйжасында, мектепте ыңгайлуу, коопсуз окуу жана иштөө үчүн шарттар түзүлгөн. Балдардын коопсуздугу үчүн мектепте 16+6 видео көзөмөл орнотулган. Окуучулардын мектепке кирип-чыгуусун, чоочун адамдарды киргизбөө, кызматкерлерге ар кандай суроолор менен келген жарандарды каттоо үчүн мектептин күндүзгү кароолчусу иштейт. Мектепте жаш өспүрүмдөр балдар инспекциясынын инспектору иш алып барат. Билим берүү чөйрөсүндө коопсуздукту камсыздоо үчүн техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу, өзгөчө кырдаал учурундагы коопсуздук, жолдо жүрүү эрежелери, окуучулардын ден соолугун коргоо боюнча алдын алуу иштер системалуу жүргүзүлөт. Мектепте медициналык кызматкер иштейт.1. Иш чараларды өткөрүү убагындагы техникалык коопсуздугу

2.Ишеним почта жөнүндө жобо

3. Дене тарбия сабагындагы коопсуздук жөнүндө эрежеси

4.Өрт коопсуздугу боюнча инструкция

5. Мектеп врачы менен бирдиктүү иш план 2022-2023-окуу жылы

6.Биринчи жардам көрсөтүү боюнча инструкциясы

7.Медициналык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматы

8.Педагогикалык жамаатынын эмгекти коргоо жана коопсуздук техникаларынын эрежелерин сактоо инструктажы

9.Укук бузуучулуктун алдын алуу максатында профилактикалык кеңеш түзүү жана милициянын жаш досу жөнүндө буйругу

10.Укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча анализ отчет (2019-2022)

11.Антитеррордук паспорт

12.Антитеррордук паспорттогу муглаимдердин тизмеси

13. Антитеррордук паспорттогу окуучулардын тизмеси

14.Медицина кызматкеринин иш планы

15.Мектеп коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуучулардан алынган сурамжылоонун жыйынтык анализи

1.6Кызыктар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушуЧечимдерди талкулоо жана кабыл алуу, тиешелүү корректировканы киргизүү үчүн мектептин башкаруу курамында төндөгүдөй кеңештер иштейт: педагогикалык кеңеш, усулдук кеңеш, укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча кеңеш, ата-энелер комитети жана окуучулардын өзүн-өзү башкаруу уюму. Мектепте кабыл алынган чечимдер кызыктар тараптын (ата-энелер, окуучулар жана бийликтин жергиликтүү органдары) катышуусу менен талкууланып, мектеп ичиндеги ар кандай изилдөөлөрсүз түзүлбөйт.Ата-энелер менен байланыштар жүргүзүлүп, социалдык сурамжылоолор болуп турат. Ата-энелер жөнүндө бурч уюштурулган, ата-энелердин укуктары, милдеттери жана керектүү маалыматтар илинген. Ата-энелердин кызыкчылыктары, ойлору, сунуштоолору дайыма эске алуу менен ата-энелерди мектепке тартууга багытталган пландуу иш-чаралар иштелип чыккан. Ата-эне, коомчулук, МТУ, мектеп менен бирдикте балдарга мектеп ичинде ыңгайлуу микроклимат түзүү механизми иштейт.1.Педагогикалык кеңеш жөнүндө жобо

2.Укук бузуучулуктун алдын алуу максатында профилактикалык кеңеш түзүү жана милициянын жаш досу жөнүндө буйрук

3.Усулдук бирикменин жобосу

4.Ата-энелер комитети жөнүндө жобо

5.Өзүн-өзү башкаруу уюмунун жобосу

6.Өзүн-өзү башкаруу уюмунун инструкциясы

7.Мектептин структурасы

8.Укук бузуучулуктун алдын алуу максатында профилактикалык кеңеш жөнүндө буйрук

9.Укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча кеңеш түзүү жөнүндө жобо

10.Ата-энелер жыйналышынын протоколу ( 4 жыл )

11.Ата-энелер менен иш алып баруу үчүн жүргүзүлгөн иш чаралардын иш-планы ( 2022-2023-окуу жылы )

12.2022-2023-окуу жылынын ата-энелер менен иштөө планы

1.7Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушуМектеп күнүмдүк ишинде заманбап технологияларды колдонот. Мектептин электрондук дареги, расмий сайты бар. Расмий сайтта мектептеги жаңылыктар, ата-энелер жана окуучулар үчүн маалыматтар киргизилип турат.  Электрондук дарек мектеп администрациясы менен жергиликтүү билим берүү борборлорунун маалыматтык байланышында чоң кызмат аткарат.Маалыматты чогултуу, кайра иштетүү, сайтка жайгаштыруу, анализдөө боюнча жооптуу адам бар.

Ата-энелерди, окуучуларды талаптарынын канааттануусу боюнча сурамжылоо, окуучулардын жетишүүсүнүн көрсөткүчтөрү жана контингенти боюнча сандык маалыматтар колдонулат.

1. Мектептин расмий сайты жөнүндө маалымат

2. ИСУОдогу маалыматтар

3. ИСУО буйрук

Күчтүү жактары:

  • Мектеп окуу-тарбия процесси Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын, мектеп уставы жана ченемдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзүлүшү;
  • Бардык нормативдик локалдык актылардын негизинде иш жүргүзүлүшү
  • Билим берүү маалыматтык системасы (ИСУО) менен иш алып баруусу
  • Мектептин ишинин функционалдык чөйрөсүн аткарууда администрациянын мобилдүүлүгү;
  • Билим берүүнүн сапатын баалоонун ички системасынын болушу
  • Түзүлгөн пландардын негизинде иштин аткарылуусу
  • Түзүлгөн пландардын негизинде иштин аткарылуусу
  • Мектептин ишмердүүлүгүн пландоо жана баалоо боюнча туруктуу иштеген мехнизмдин болушу

Алсыз жактары:

  • Айрым ата-энелердин милдеттери, укуктары, мектептин уставы менен тааныш болбогондугу жана маани бербегендиги;
  • Ата-энелердин мектеп менен байланышынын аздыгы;
  • Социалдык жактан коргоого муктаж болгон окуучулардын жылдан-жылга көбөйүшү;
  • Окуучулар телефон менен көп камсыз болушуп, ар кандай интернеттеги сайттарга кирип, убактыларын туура пайдалана алышпагандыгы жана сабактарга көңүл буруусу азайып, билим сапатын көтөрүүдө кыйынчылыктардын жаралуусу;
  • Ички миграциянын көп болушу.
  • Орус тили, англис тили, информатика предметтеринин группага бөлүнбөгөндугү.

Сунуштар:

  • Ата-энелер балдарынын билим алуусуна кайдыгерлигин азайтууга атайын тренинг уюштуруу;
  • Ички-тышкы миграцияны азайтууга себеп боло турган  атайын сурамжылоо же кандайдыр бир видео ролик менен жеткире алган таасирдүү баяндама иштеп чыгуу;
  • Мугалимдер, ата-энелер жаңы өсүп келе жаткан муундардын эмнеге кызыктар экендигине байкоо жүргүзүү менен алардын кабыл алуусуна жараша иш-аракеттерди жасоо.
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
2. Кадр саясатынын эффективдүүлүгү
2.1Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу.Мектеп өз ишин компетенттүү персонал менен камсыз кылуу үчүн натыйжалуу кадр саясатына ээ.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мугалимдерди жана кенже тейлөөчү персоналды ишке кабыл алуу объективдүү жана ачык ишке ашат. Мектепте ички эмгек тартибинин эрежелери, эмгек келишимдери, кызматтык нускамалар, жамааттык келишим уюштурулган.Бардык жергиликтүү актылар бар. Жумушка кабыл алуу жол-жоболору эмгек мыйзамдарына карама-каршы келбейт, эмгекти коргоо, жумуш күнүн нормалоо, кызматкерлерди социалдык коргоо боюнча нормалар сакталган, кызматкерлер тарабынан дооматтар жок.

Ар бир кызматкерге өздүк дело ачылган. Анда тиешелүү документтер бар.

Мектепте үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү иши жакшы колго алынган. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү мугалимдердин педагогикалык компетенттүүлүк деңгээлин аныктайт.

Окуу жылынын башталышында атайын бекитилген графиктин негизинде мугалимдер квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Ар бир мугалимдин кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарттардын баары бар.

1.Эмгек келишими

2.Мектеп жетекчилеринин функционалдык милдеттеринин бөлүштүрүлүшү жөнүндө жобосу

3.Мектеп директорунун милдеттери

4.Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын кызматтык нускамасы

5.АХЧнын функционалдык милдети

6.Усулдук иштер боюнча директордун орун басарынын функционалдык милдеттери

7.Мугалимдердин кызматтык милдеттери

8.Класстан тышкаркы иштерди уюштуруусунун функционалдык милдеттери

9.Китепканачынын милдеттери

10.Күзөтчүнүн милдеттери

11.Тазалыктын милдеттери

12.Психологдун функционалдык милдеттери

13.Социалдык педагогдун кызматтык милдеттери

14.Класс жетекчинин кызматтык жобосунун нускамасынын жобосу

15.Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарынын функционалдык милдети

16.Жумушка кабыл алуу, жана бошотуу буйругу

17..Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсуна баруу графиги

18.Мугалимдердин өз билимин жогорулатуулары боюнча анализи ( 5 жыл )

19.Сертификаттары

20.Эмгек тартибинин ички эрежелери

21.Жамааттык келишими

22.Эмгек китепчелерин каттоо журналы

23.Мектеп жамаатын жумушка кабыл алуу, которуу жана жумуштан бошотуу тартиби

2.2Штаттардын комплектиленишинин, педагогикалык кызматкерлердин квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына ылайык келиши.Мектеп мамлекеттик программалар жана окуу-тарбия процессинин талаптары боюнча педагогикалык кадрлар менен толук камсыздалган. Бекитилген штаттык жүгүртмөнүн негизинде иш алып барылат. Кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы ар жыл сайын кызматкерлердин келип-кетүүсүнө жараша жаңыланып турат. Жыл сайын кызматкерлер тарификациядан өткөрүлүп турат.Мектептин педагогикалык жамааты ынтымактуу жана иш билги, компетенттүү курамдан турат. Бардык мугалимдердин билим берүүгө уруксат берилген тастыктоочу диплому, билими жана окуучулар менен иштөөгө профессионалдык тажрыйбасы бар. Мектепте жалпысынан -46 мугалим, айкалыштырып иштегени-3 мугалим эмгектенет. Администрация мүчөлөрүнүн саны–6. Бардык мугалимдердин билими жетиштүү, өз предметин билет, технологияны өздөштүрө алышат. Жаңы келген жаш адистерге насаатчылар бекитилип, иш алып барылат.1.2019-2023-окуу жылынын штаттык жүгүртмөсү

2.Тарификациялоо жөнүндө буйругу

3.Тарификация 2019-2022-окуу жылы

4.Мугалимдердин сандык-сапаттык курамы 2018-2023-окуу жылы

5.2020-2023-окуу жылындагы класс жетекчилер жөнүндө маалыматы

6.ОШ1 2022-2023-окуу жылы

7.Насаатчылык жөнүндө жобосу

8.Жаш мугалимдер мектеби жөнүндө жобосу

9.Жаш мугалимдер менен иштөө планы 2021-2023-окуу жылы

10Насаатчылардын жаш мугалимдер менен иштөөсүнүн анализ-отчету 2021-2022-окуу жылы

2.3Физикалык жана психологиялык жактан коопсуз чөйрөнү камсыз кылуучу механизмдердин жана жол-жоболордун болушу, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерине баа берүү, анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алуу.Билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоо жана анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алуунун далилдери бар. Мектепте эвакуациялык план илинген.Ɵрт коопсуздугунун инструкциялары мектеп жамаатына тааныштырылат.

Мектептин социалдык кызматкери жана психологу өз кызматын мыкты аткарышат. Биргеликте алдын алуу иш-чараларын өткөрүп турушат. Анкета алуу менен дагы физикалык жана социалдык-психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кыла алышат. Психолог  окуучулардын психологиялык жагдайын изилдеп, көйгөйлүү балдарды өзүнүн карамагына алып, иш алып барат.

Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата-энелер, окуучулар ортосунда үч тараптуу байланыш бар. Мектепте жаш өспүрүмдөр балдар инспекциясынын инспектору жана медициналык кызматкер иш алып барат.

1.Автоматтык өрт сигнализациясын сыноо актылары

2.Психологиялык кызматтын жобосу

3.Социалдык педагогдун кызматтык жобосу

4.Социалдык педагогдун жылдык иш планы (2022-2023)

5.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2021-2022-окуу жылы

6.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2020-2021-окуу жылы

7.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2019-2020-окуу жылы

8.Социалдык педагогдун жылдык отчету (3жыл)

9.Психологиялык кызматтын жылдык иш планы (2022-2023)

10.Психологиялык кызматтын айлыкк иш планы (2022-2023)

11.Педагогикалык-психологиялык кызматынын иш планы 2022-2023-окуу жылы

12.Педагогикалык-психологиялык кызматынын иш планы 2021-2022-окуу жылы

13.Психологдун 2021-2022-окуу жылына түзүлгөн иш планы

14.Психологдун өнүгүү планы (2022-2023)

 

15.Психологдун учетунда турган окуучулардын тизмеси 2021-2022-окуу жылы

16.Социалдык-психологиялык жактан аткарылган иштер тууралуу маалымат

17.Социалдык паспорт 2021-2022-окуу жылы

18.Социалдык паспорт 2019-2023-окуу жылы

19.Окуучулардын социалдык абалы боюнча отчету 2020-2021-окуу жылы

20.5-класстын көндүмдөрүн текшерүү жана ата-эне, мугалимдерге сунуштар

21.5-класстардан алынган психологиялык тесттин жыйынтыгы

22.Мүнөзү оор окуучуларга өткөрүлгөн тренингдин жыйынтык анализи

23.Мигранттардын балдары менен жүргүзүлгөн иштердин планы

24.2022-2023-окуу жылынын ата-энелер менен иштөө планы

25.Ата-энелерден алынган анкета

26.Педагогдордун жана ата-энелердин укуктары

27.Мектеп врачы менен бирдиктүү иш план 2022-2023-окуу жылы

28.ГАИ менен бирдиктүү иш планы 2022-2023-окуу жылы

29.Мектеп жамаатын жумушка кабыл алуу, которуу жана жумуштан бошотуу тартиби

30.ДЮП буйрук

31.Өрт коопсуздугу менен биргелешкен иш план ( 2 жыл )

32.ИДН менен бирдиктүү иш план ( 2020-2023)

 

2.4Педагогикалык, администрациялык, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу механизмдердин жана жол-жоболордун болушуМектептин персоналдык иштеринин натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алууда КРнын Өкмөтү тарабынан 2011-ж. 31-майында №270 Токтому менен бекитилген “Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акыларды эсептөөнүн эрежелери жөнүндө нускамага” ылайык жүргүзүлгөн.Мектеп кызматкерлеринин, тейлөөчү жана окуу-жардамчы персоналдын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын сырткы баалоону оъективдүү жүргүзүүнүн механизми бекитилген.Мектеп кызматкерлеринин ишин баалоо механизми жана жол-жоболору бекитилген жана иш-аракетинин далилдери бар. Баалоо жыл сайын жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча сыйлыктар бөлүштүрүлөт. Чечимдер бардык категориядагы кызматкерлердин салымын эске алуу менен кабыл алынат. Кызматкерлердин ишин баалоо, ар кандай сыйлыктар менен сыйлоо мектеп ичиндеги өткөрүлгөн иш-чараларга, райондук, шаардык деңгээлдеги мугалимдердин  сынактарга катышуусу, окуучулардын жетишкендиктери мектеп тарабынан бааланып, профсоюз комитетинин чогулушунда каралып, педагогикалык кеңеште сунушталып, чечим чыгарылат.1.Эксперттик комиссия жөнүндө жобо

2.Эксперттик комиссия түзүү жөнүндө буйрук

3.КТУ боюнча буйрук

4.Сыйлыкка көрсөтүү жобо

Күчтүү жактары:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын беренелерине ылайык иш алып баруусу
  • Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарына баруусу
  • Семинарларга катышуу жана изденүүсү аркылуу азыркы талапка жооп бергидей ыкмаларды  үйрөнүүсү
  • Иш жөндөмдүүлүгүнө жараша сыйлыктардын берилиши;
  • Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү түзүүдө кызыкдар тараптардын канааттануусу, бардык шарттардын түзүлүүсү жана жакшырышы
  • Бардык талаптарга ылайык мектептин тазалыгынын сакталышы,санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы
  • ИДН кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруусу
  • Маалыматтардын үзгүлтүксүз болушу, коопсуз маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
  • Социалдык  педагогдун, психологдун ата- энелер,балдар менен тыгыз иш алып баруусу

Алсыз жактары:

  • Кенже тех.кызматкерлерди айлык акы аз болгондугуна байланыштуу, мектепке кармап калуу
  • Кээ бир окуу предметтеринен дептер текшерүүсү, 15% үстөк акынын алынып салынышы.

Сунаштар:

  • Мектепке педагогикалык компетенттүү жаш мугалимдердин тартылуусуна өбөлгө түзүү;
  • Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү менен  мугалимдердин педагогикалык компетенттүүлүк деңгээлин өстүрүү.
Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
3   Материалдык-техникалык база
3.1Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын ыңгайлуулугу жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актовый зал, медициналык пункт, ашкана) болушуМектеп 2008-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген. Мектептин аянты- 0,51га Мектептин кубаттулугу 198 окуучуга ылайыкталган. Учурда мектепте 1108 окуучу билим алууда. Мектеп 1 кабаттан  турат.Окуу кабинеттери: кыргыз тили, чет тили, орус тили кабинеттери бар, аянттары 60м2, тарых, география, адеп  кабинеттери бар, аянттары: 60м2.  физика, химия, биология,  информатика кабинеттер бар. Администрациялык 2 кабинеттер бар. 8 көзөнөктүү, аянты 25 мболгон дааратканалар бар. Китепкана бар. Мектептин спорт залы-283м2. Аянты: 48 м2, 40 орундуу ашкана бар.   Мектеп электрдик-конвектору менен жылыйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн мектептин кире беришинде пандус орнотулган. Окуучулар колдонгон компьютерлердин саны-32  интерактивдик (электрондук) доска – 3, проектор – 6. Жыл сайын мектептин МТБсы жаңыртылып, ремонттолуп турат.1.Жер боюнча мамлекеттик акт 

2.МТБ жөнүндө маалымат

3.Инвентаризация 28.09.2022

4.Инвентаризация ( 2022-2023 )

5.Инвентаризация 2019-2023- окуу жылдары

6.Компьютерлер. интерактивдүү доска. панелдер. проекторлор жөнүндө маалымат

7.Окуу китептерин колдонуу жөнүндө жобо

8.Окуу кабинетинин жобосу

9.Китепкана жөнүндө жобо

10.Интернетти пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө жобо

11.Мектептин сүрөттөрү

12.Окуу кабинеттеринин паспорттору

13.Окуу кабинеттеринин паспорттору 2

14.Окуу кабинеттеринин паспорттору 3

15.Маалыматтын ачыктыгы жөнүндө жобо

16.Химия, физика. информатика кабинетиндеги коопсуздук эрежелери

3.2Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздуктун, эмгекти коргоонун жана техникалык коопсуздуктун эрежелери)Мектеп санитардык –гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле КРнын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына дал келет. Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча мугалимдерге жана тех.кызматкерлерге жылына эки жолу, ал эми окуучуларга ар бир чейректе бир жолу нускамалар өткөрүлөт. СЭ эрежелерди аткаруу үчүн ар бир окуу таанышкан, кабинеттеринде санитардык бурч уюштурулган. Күнүнө эки жолу тазалоочулар тарабынан нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп турат, мектепте жылына бир жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.  Жыл сайын өрт өчүрүүчү каражаттарды жаңыртуу иштери жүрүүдө. Мектеп администрациясы менен профсоюз уюмунун ортосунда өндүрүштүк иште эмгекти коргоо, шартты жакшыртуу, ооруну азайтууга арналган иш-чаралар өткөрүлөт.1.АКТ испытания Автоматической пожарной сигнализации

2.Акт проверки противопожарного обьекта

3.Өрт коопсуздугунун жана техника коопсуздугу боюнча мугалимдер жана тех персоналдарга өтүлгөн инструкция

4.Өрт коопсуздугун камсыздоо буйругу

5.Өрт коопсуздугу боюнча инструкция

6.Өрт коопсуздугу боюнча инструктаж журналы

7.Кызматкерлердин эмгекти коргоо боюнча техникалык коопсуздук журналы

8.Дене тарбия сабагындагы коопсуздук жөнүндө жобосу

9.Техникалык коопсуздук эрежесинин жолдомосу

10.Жолдо жүрүү эрежесинин жолдомосу

11.Адам баласынын айттырбай келүүчү кырсыктарды окуучуларга жеткирүү үчүн алдын алуу максатында түзүлгөн иш план

12.Мектеп кызматкерлеринин иш-аракеттери боюнча нускама

13.Мектеп коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуучулардан алынган сурамжылоонун жыйынтык анализи

14.Иш-чараларды өткөрүү убагындагы техникалык коопсуздук

15.Тамак-ашын уюштуруу жөнүндө жобо

16.Окуучулардын тамактануусу боюнча маалымат

17.Бышырылган тамак-аш өндүмдөрүн бракераждоо журналы

18.Ашкана кызматкерлеринин тазалык журналы

19.Бекер тамак 5-8-класстар 2021-2022-окуу жылы

20.Окуучуларды каттоо журналы ( бекер тамак )

21.Эмгекти коргоо боюнча инструктаж журналы

22.Мектепте эмгекти коргоо эрежелери жөнүндө буйрук

23.Эвакуациянын схемасы

24.Антитеррордук паспорт

25.Антитеррордук паспорттогу мугалимдердин тизмеси

26.Антитеррордук паспорттогу окуучулардын тизмеси

27.Санитардык гигиеналык талаптар

28.Медициналык кабинет жөнүндө жобосу

29.Кызматкерлердин жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы жөнүндө жобо

30.Коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө жобо

31.Мед кызматкеринин иш планы ( 2019-2022 )

32.ДЮП буйрук

33.Өрт коопсуздугу менен биргелешкен иш план ( 2 жыл )

3.3Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресуртарды жакшыртуу бонча ишти чогултуу, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектептин МТБсын анализдөө максатында инвентаризация жүргүзүлүп турат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан физика жана география ж.б, кабинеттеринде 2  телевизор менен жабдылса, мектепте 3 интерактивдүү доска, 1 интерактивдүү система, “Мега билим” долбоору менен келген 7 компьютер  жана 25  компьютер менен камсыздалган. 2020-жылы мектептин сырткы ажатканасы толугу менен ремонттолуп чыкты. 2022-жылы апрель айында 10 компьютер, 2022-жылдын август айында 15 компьютердик стол, 2022-жылдын ноябрь айында 7 шт. видеобайкоо, 15 компьютер менен камсыздалды.  Мектеп толугу менен тосулган. 2023-жылы январь айында 6 проектор келген. Алар химия, биология, математика, физика, география кабинеттерине, китепканага орнотулду.1. Чарбалык иштерди уюштуруу жөнүндө жобо

2.Материалдык техникалык базанын 2019–2022-окуу жылына карата жакшыртуу планы

3.Билим берүү процессинин катышуучулары жана кызыктар тараптар менен маектешүү анализи

4.МТБны жакшыртуу боюнча сурамжылоо, анкетасынын анализи

5.Окуу китептерин колдонуу жөнүндө жобо

6.Китепкана жөнүндө жобо

7.Китепкананын паспорту 2019-2023

8.Китепкананын 2019-2022-окуу жылына карата өнүгүү планы

9.2019-2022-окуу жылындагы китепкана ишинин анализи

10.Китепкананын иш планы 2019-2022-окуу жылы

11.2019-2022-окуу жылындагы китепкананын жылдык отчету

12.Китепканадагы жалпы окуу китептери боюнча маалымат 2019-2022

13.Керектүү китептердин тизмеси 2019-2022-окуу жылы

14.Окуу китептерин берүү боюнча жыйынтыкталган ведомосту 2019-2022-окуу жылы

15.Окуу фондун толтуруу боюнча маалымдама ( з жылдык )

16.Башталгыч класстардын окуучуларынын окуусун жакшыртуу боюнча 2019-2022-окуу жылынын иш-чаралар планы

17.Китепкананын материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымдама

18.Керектүү китептердин тизмеси ( 4 жыл )

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Күчтүү жактары:

  • Мектептин материалдык-техникалык базасынын санитардык, экологиялык, коопсуздук талаптарына жооп бериши;
  • Мектептин компьютердик-технологиялык базанын жаңыланышы;
  • Окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттардын түзүлүүсү;
  • Китепканалык фонддун жаңыланып, көбөйүп туруусу;
  • Коопсуздук боюнча бардык талаптардын сакталышы;
  • Материалдык-техникалык базанын маалыматынын ачык-айкындыгы;
  • Мектеп администрациянын материалдык-техникалык базаны чыңдоодогу иши

Алсыз жактары:

  • Лабораториялык кабинеттердин жоктугу
  • Лабораториялык куралдардын жетишсиздиги;
  • Профсоюз уюму тарабынан ден соолукту чыңдоо борборлорунан берилүүчү жолдомолордун аздыгы.
  • Кенже тех.кызматкерлерди айлык акы аз болгондугуна байланыштуу, мектепке кармап калуу
  • Окуу кабинеттеринин тардыгы.

Сунуштар:

  • Ар кандай долбоорлорго катышуу менен материалдык техникалык базасын чыңдоо;
  • Материалдык базаны чыңдоо иштерин жүзөгө ашырууга демөөрчүлөр менен иштөөнү уюштуруу.
 №Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
4.      Финасылык ресурстарды башкаруу
4.1.Финансылык пландаштыруу системасынын болушуМектеп мамлекеттик бюджеттик каржылоодо турат. Жергиликтүү бюджеттен мектептин бардык кызматкерлеринин эмгек айлыктары, окуучулардын тамактануусу, коммуналдык төлөмдөр, мектепти оңдоп-түзөө иштери каржыланат.1.Комплектование 2018-2023-окуу жылы

2.2018-2023-окуу жылынын штаттык жүгүртмөсү

3.Базистик окуу планы 2019-2023-окуу жылы

4.Базистик окуу планынын 5 жыл ичинде өзгөрүшү жөнүндө анализ

5.Тарификация 2018-2023-окуу жылдары

4.2.Кошумча финансылык ресурстарды тартуунун, бөлүштүрүүнүн жана отчеттуулуктун ачык-айкын механизмдеринин болушу . Мектептин администрациясы мектеп жамааты менен биргеликте кошумча финансылык ресурстарды тартуу боюнча план иштеп чыкты. Планга ылайык ата-энелердин, мектепти мурда бүтүп кеткен окуучулардын, райондо таанымал саясатчы, активисттердин арасынан спонсор табуу, алар менен тыгыз иштөө максаты коюлган. Ошондой эле, мектептин материалдык-техникалык базасынын абалын жакшы абалда кармап туруу үчүн ата-энелердин камкорчулук кеңешин түзүү пландалууда.1.Инвестицияларды тартуу планы

 

4.3.Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо жана пландоо механизминин болушу.Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизми жүргүзүлөт.1.Акт сдачи-приемки

2.Накладнойлор

 

Күчтүү жактары:

  • Жергиликтүү бюджеттен каржылануусу менен;
  • Эмеректердин жана техникалардын жаңыланышы;
  • Жергиликтүү бийлик, жергиликтүү кеңештин депутаттары менен тыгыз байланышта иш алып баруусу;
  • Окуу кабинеттерде талапка ылайык видеокамералар жана компьютерлер менен камсыз болушу.

Алсыз жактары:

  • Камкорчулар кеңешинин жоктугу;
  • Техникалык кызматкерлердин айлык акыларынын аздыгы;

Сунуштар:

  • Камкорчулар кеңешинин ишин жөнгө салуу;
  • Мектептин администрациясы мектеп жамааты менен биргеликте кошумча финансылык ресурстарды тартуу боюнча план иштеп чыгуу.

Корутунду: Свердлов  районунун №43 толук эмес орто  мектеби окуу-тарбия процессин жүргүзүүдө билим сапатын жакшыртуу жана камсыздоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, финансылык ресурстарды колдонуу саясатын жүргүзүүдөгү иштердин багыттарынын ачык-айкындуулугун өзүн-өзү баалоо боюнча отчетунда карап чыгып, комиссия төмөнкү жыйынтыкка келди.

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга институционалдык  аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт. 

 Комиссиянын тѳрагасы:

  1. Мектеп директору: __________ Алагушова Н.Т.

Мүчѳлѳрү:

    1. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары: __________ Орозкулова А.Т.
    2. Социалдык педагог: __________ Бактыбек кызы Мээрим
    3. Мектеп психологу: __________ Аттокурова К.М.
    4. Профсоюз уюмунун төрайымы: __________ Мангельдиева Ч.С.
    5. Башталгыч класстар боюнча директордун орун басары________ Исмаилова Н.А.
    6. Усулдук бирикме жетекчиси________Турусбекова А.К.
    7. Усулдук бирикме жетекчиси________Алимбекова А.А.
    8. Усулдук бирикме жетекчиси________Орозакунова А.Э.