ТЭОМ №43 №43 толук эмес орто мектеби

Программалык

                                                                                                                                                                  БЕКИТИЛДИ

 

Бишкек шаарынын Свердлов районунун

№43 толук эмес орто мектебинин

 өзүн-өзү баалоо комиссиясынын

О Т Ч Е ТУ

Мектеп директору:Алагушова Нурия Турарбековна
Телефону: Моб.тел :+996(312)88-77-17+996(702)626868
Электрондук дареги:[email protected]
Мектептин сайты:www.43.edubish.kg
Жайгашуу орду:Бишкек шаары, Свердлов району, Ак-Бата конушу, 7 көчөсү, 53 үй, мектептин индекси 720039
Уюштуруу – укуктук формасы:Билим берүү мекемеси.
Өздүк формасы:  Муниципалдык мекеме
Билим берүү мекемесинин аталышы:№43 толук эмес орто мектеби
Салык төлөө боюнча идентификациялык номер (ИНН):02506200910052
Каттоо номери:106471-3301-У-e
КОД ОКПО юридикалык жак:26614113
ГПЮ сериясы:№0006183

Кыскача маалымат:

Мектептин курулган жылы:2008-жыл
Имараттын сыйымдуулугу:198 окуучуга ылайыкталган, азыркы учурда 1108 окуучу билим алат.
Педагогикалык жамааттын саны:46 мугалим, айкалыштырып иштегени-2
Окутуу тили:кыргыз  1-класстан 9-класска чейин
Иштөө режими:1-смен  7:40-11:45,  2-смен 11:50-15:05,  3-смен  15:10-19:15
Акыркы жолу аккредитациядан өткөн жылы:Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын. 9-январындагы №13/1 буйругу менен  №43 толук эмес орто мектеби 2023-жылдын 9-январына чейин аккредитациядан 5-жылга өткөн.
Сертификат:№СС180004232
Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери:02506200910052
Кубаттуулугу, сыйымдуулугу:Мектеп 1 кабаттан турат,  10 окуу кабинети, спортзал, китепкана жана 40 орундуу ашкана бар.

Жалпы орто билим берүү мекемесинин миссиясы:

Ар тараптан өнүккөн, чыгармачыл, изденген, Ата-Мекенин сүйгөн, аны коргой билген, патриоттук духта тарбияланган, социалдык жана кесиптик жактан компетенттүү, толеранттуу инсанды тарбиялоо үчүн шарттарды түзүү.

Мектептин негизги усулдук  темасы:

“Сапаттуу билим берүү менен окуучулардын ишмердүүлүгүн жана компетенттүүлүгүн арттыруу”

Жетишкендиктер: 

2018-окуу  жылында Свердлов районундагы “Чынгыз Айтматов ар бир баланын жүрөгүндө” фестивалына башталгыч класстын мугалими Турусбекова Айсулуу Коңурбаевна өзүнүн 1-А классы менен катышып, III орунду алышкан.

2019-жылы райондук “Жүрөгүм менин балдарда” конкурсунда башталгыч класстын мугалими Турусбекова Айсулуу Коңурбаевна катышып, байгелүү орунга ээ болгон.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 31-жылдыгына карата өткөрүлгөн “Китеп билим булагы” шаардык кароо сынагында 1-орунду алгандыгы үчүн 8-А классынын окуучусу Мейманова Гүлдана Бактыбековна “Ардак грамота” жана велосипед менен сыйланган.

2020-жылы кыргыз тили жана адабияты мугалими Мирсултан кызы Эльнура Свердлов районунда жаш мугалимдер арасында дил баян  жазуу конкурсунда I  орунду алган.

2021-жылы 1-июнь Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата жалпы билим берүү уюмдарынын арасында өткөрүлгөн ” Наристе Манасчы” шаардык сынагында 1-Б классынын окуучусу Оболбонов Нурислам II орунду алган.

2022-жылы 14-мартта Бишкек шаары боюнча кыргыз тили жана адабияты сабагынан семинар жогорку деңгээлде  болду. Семинарды кыргыз тили жана адабияты мугалимдери: Орозакунова Айгул Эмиловна, Жолдошбаева Феруза Гулямовна, Базарбаева Жазира Базарбековна, Эсенбеков Темирлан Эсенбекович өтүштү.

Мамалекеттик тилдин 33-жылдыгына карата “Дилгир” шаардык кароо-сынагында “30 жашка чейин мугалимдер”  аталмасында  I орунду алгандыгы үчүн кыргыз тили жана алабияты мугалими Эсенбеков Темирлан Эсенбекович Ардак грамоты менен сыйланган.

2022-жылы 25-ноябрда райондук “Милициянын жаш досу” конкурсунда 8-В класс катышып, Ардак Грамота менен сыйланышты.

2022-жылы 29-декабрда кыргыз тили жана адабияты мугалими Орозакунова Айгул Эмиловна окуучулары менен “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна катышып, атаандашын жеңип, II орунга өтүштү.

2023-жылы 27-январда ошол эле команда “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнуна катышып, III турга өтүштү.

Спорттук мелдештер:

  • 4-Б классынын  окуучусу Адаминов Раатбек  “Кубок Носова Нижний Новгород-2022”  дзюдо боюнча Эл аралык турнирде I орунга ээ болгон.
  • 3-Б классынын окуучусу Ишеналиев  Сыймык  дзюдо боюнча Эл аралык мелдеште I орунга ээ болгон.
  • 9-А классынын окуучусу Акботоева Альбина шахмат боюнча шаардык турнирде I орунду алган.
  • 9-Б классынын окуучусу Токтосапарова Самара  ДЮСШнын шахмат боюнча квалификациялык турниринде III орунду алган.
  • 8-А классынын окуучусу Бырышбаева Акылай ДЮСШнын шахмат боюнча квалификациялык турниринде I орунду алган.
  • 2022-жылдын 14-ноябрында 4-Б классынын  окуучусу Адаминов Раатбек  дзюдо боюнча Туркистандагы Эл аралык мелдеште I орунга ээ болгон.
  • 2022-жылы 11-июлда 4-Б классынын  окуучусу Адаминов Раатбек  дзюдо боюнча Алматы шаарындагы Эл аралык мелдеште II орунду багындырган.

Минималдуу талаптардын аткарылышынын анализи жана далилдери:

 №Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
1.      Билим берүү программасынын мазмунун жана окуу-методикалык камсыздалышы
1.1.Окуу планынын жана программалардын билим берүү стандартынын, базистик окуу планынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсү№43 толук эмес орто мектеби Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 5-августундагы №1529/1 буйругунун бекитилген базистик окуу планынын негизинде иш алып барат. Сабактар Базистик окуу планга ылайык, мектептин окуу бөлүмү тарабынан түзүлгөн жүгүртмө боюнча өткөрүлөт.

Сабактын узактыгынын мөөнөтү 1-класстын окуучулар үчүн 40 минутаны түзөт, 2-9-класстын окуучулары үчүн 45 минут, 5 минуталык тыныгуу менен өтүлөт.

Каникулдук күндөр жыл сайын окуу планындагы түшүндүрмө каттын негизинде  жүргүзүлөт.

Мектеп компоненти педагогикалык кеңешмеде кызыктар тараптардын пикирин эске алып, 2018-2019 жылы 5-класска 1 сааттан математика предмети, 2022-2023 – окуу жылына карата мектеп компоненти 5-класстарга информатика, ал эми 8-класстарга англис тили предмети тандалып алынды.

1.КРда жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты

2.Базистик окуу планы 2019-2023-окуу жылы

3.Базистик окуу планынын 5 жыл ичинде өзгөрүшү жөнүндө анализ

4.Ишмердүүлүктүн жыйынтыктарынын анализи 2019-2022-окуу жылы

5.Сабактын жүгүртмөсү

6.Комплектование 2018-2023-окуу жылы

7.ОШ1 2019-2022-окуу жылы

8.Окуучулардын кыймылы боюнча салыштырмалуу анализ 2019-2022-окуу жылдары

9.Торчо 2018-2021-жылдар

10.Мектеп компонентинин протоколу 2019-2022-жылдар

11.КТП ( мектеп компоненти )

12.КТП ( мектеп компоненти )

13.КТП (мектеп компоненти)

1.2.Окуу-методикалык камсыздоонун билим берүү стандартынын талаптарына жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келүүсүОкуу процессин жакшыртуу үчүн зарыл болгон жабдуулар, окуу китептери, окуу куралдары жана башка окуу-методикалык материалдар мүмкүнчүлүккө жараша жаңыланып турат. Окуу программасын ишке ашырууга мектеп окуу-методикалык материалдарын камсыз кылат.

Предметтер боюнча электрондук материалдар чогултулуп, сабактарда пайдаланылат.

Мугалимдер өз чыгармачылыгына, изденүүсүнө жараша маалыматты кошумча интернет булактарынан  алышат.

Окуу жылынын башында мугалимдер окуу-методикалык камсыздоону методикалык бирикмелердин, методикалык кеңешмелердин иштеринде талкуулап, сунуштап, толуктоолорду киргизип, бекиттирип окуу жылында окуу-тарбия процессинде ишке толук ашырып келишет.

Мектепте окуу-методикалык камсыздоо ата-энелердин суроо талаптарын, муктаждыктарын жана алардын керектөөсүн эске алуунун негизинде түзүлгөн.

Окуу-методикалык пландар жыл сайын мектеп директору тарабынан бекитилет. Мамлекеттик стандартка, талаптарга жана керектөөчүлөргө ылайык келет.

 

 

1.Усулдук бирикменин жобосу

2.Предметтик декадаларынын өткөрүлүшү жөнүндө жобо

3.Предметтик декадаларынын өтүү графиги (2021-2022, 2022-2023)

4.2019-2023-окуу жылынын эстетика бирикмесинин жылдык иш планы

5.Орус тили бирикмесинин жылдык иш планы 2020-2023-окуу жылы

6.Орус тили бирикмесинин анализи ( 2021-2022)

7.Так илимдер бирикмесинин жылдык иш планы ( 3 жыл )

8.Так илимдер бирикмесинин жыйынтык анализи (2021-2022)

9.Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө аткарылган иш-чаралардын анализ отчету (2021-2022)

10.Зээндүү жана таланттуу окуучулар менен иштөөнүн жобосу

11.Таланттуу окуучулар менен иштөө 2019-2023-окуу жылы

12.Окууда жетишпеген окуучулар менен иштөө жобосу

13.Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар жана алардын ата-энеси менен иштөөнүн жобосу

14.Начар окуган окуучулар менен иштөөнүн планы 2019-2023-окуу жылы

14.Окуудагы жетишпеген окуучулар менен иштөөнүн анализи 2021-2022-окуу жылы

15.Уюштуруу иштеринин жылдык иш планы ( 3 жыл )

1.3.Жетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушуЖетиштүү маалыматтык ресурстардын (окуучулардын контингентине, анын ичинде окутуу тилдерине карата окуу-методикалык адабияттардын фонду) болушу. Мектептин фондунда окуу китептеринин жалпы саны-11336, кыргыз класстарынын китептери-11366. Мектепте окуу китептери менен камсыз болушу кыргыз класстар-84%. Методикалык–645, көркөм өнөр китептери-107 экз. Методикалык окуу китептеринин суммасы-2110 с., көркөм адабияттарынын суммасы-64851,7 с., окуу китептери-1613284,15 с. Атайын Сорос фонддун-50 экз, суммасы-3490, USAID аркылуу “Окуу керемет” долбоорунан  башталгыч класстарга окуу деңгээлине жараша китептер менен камсыздалган. Ошондой эле китепканачы өз билимин жогорулатуу курстарына барат, иш планынын негизинде мектепте иш алып барат.

7-8-9-класстарга китептер жетишсиз. Аталган китептер боюнча жылда табыштама  берилип турат.

Айрым мугалимдер керектүү китептерди, методикалык жардамды  интернет булактарынан алып колдонушат. Азыркы стандартка ылайык мугалимдер мүмкүнчүлүгүнө жараша  окутуунун формасына, методуна көңүл бурушуп, ар бир сабактын максатына басым жасалып, алган билимдерин жашоодо колдоно билүүсүнө көңүл коюшат.

Билим берүү борбору тарабынан мектептин китепканасы жылына жаңы методикалык көрсөтмөлөр жана окуу китептери менен толукталып турат. Демөөрчүлөр тарабынан адабий китептер менен камсыздалган да учур бар. 2022-жылы китепканага КРББжиМнен компьютер принтери менен берилип, колдонулуп жатат.

1.Китепкана жөнүндө жобо

2.Окуу китептерин колдонуу жөнүндө жобо

3.Китепканачынын милдеттери

4.Китепкананын паспорту 2019-2022-окуу жылы

5.Китепкананын 2019-2022-окуу жылына карата өнүгүү планы

6.2019-2022-окуу жылындагы китепкана ишинин анализи

7.Китепкананын иш планы 2019-2022-окуу жылы

8.2019-2022-окуу жылындагы китепкананын жылдык отчету

9.Китепкананын жалпы окуу китептер боюнча маалыматы 2029-2021-окуу жылы

10.Д10 (2019-2022)

11.Окуу китептерин берүү боюнча жыйынтыкталган ведмосу 2019-2022-окуу жылы

12.Окуу фондун толтуруу боюнча маалымдама ( з жылдык )

13.Башталгыч класстардын окуучуларынын окуусун жакшыртуу боюнча 2019-2022-окуу жылынын иш-чаралар планы

14.Китепкананын материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымдама

15.Керектүү китептердин тизмеси ( 4 жыл )

16.Буйрутма

1.4.Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун колдонуудагы механизминин болушуМектептин окуу программаларынын жана окуу–методикалык камсыздоонун негизги компоненттеринин бири маалыматтык коопсуздукту камсыздоо. Маалыматты коопсуздукту камсыздоодо маалыматтын жеткиликтүүлүгү болуп саналат.

Билим берүү программасынын жана окуу-методикалык камсыздоонун мазмунун жакшыртуу максатында кызыктар тараптардын күтүүлөрү дайыма эске алынат.

Маалымат менен камсыздоонун, кызыктар тараптардын күтүүлөрүн, керектөөлөрүн жана канааттануусун мезгилдүү баалоонун жана маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун механизмдери жобосу иштелип чыккан

Мектеп жамааты кызыктар тараптардын күтүлөрүн, керектөөлөрүн жана канаатануусун мезгилдүү баалоо максатында бир жылда бир жолу жалпы ата-энелер кеңештеринин чогулуштарын, ар чейректе ар бир класста өзүнчө ата-энелер чогулуштарын өткөрөт. Чогулуштарда ар бир маалымат жалпысынан берилет жана талкууланат.

Жеке маалыматтар ата-энелер менен жекече сүйлөшүүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

 

1.Балдардын маалымат коопсуздугу жөнүндө маалымат

2.Маалыматтык коопсуздук жөнүндө жобо

3.Окуучулардын маалыматтык коопсуздук жөнүндө жобосу

4.Эмгекти коргоо жөнүндө жобосу

5.Ата-энелер жыйналышынын протоколу ( 4 жыл )

6.Жеке маалыматты иштетүүгө макулдук

Күчтүү жактары:

  • Билим бepүү максаты жана милдеттери мамлекеттик стандартка жана кызыктар тараптардын керектөөлөрүнө ылайык келип, бардык талаптарга жооп берүүсү;
  • Окуу программаларынын окуу-тарбия процессинде үзгүлтүксүз ишке ашырылышы;
  • Педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатуусу жана чыгармачылык менен изденүүсү;
  • Окуучулардын толук билим алуусуна толук шарттардын түзүлүшү;
  • Кызыктар тараптардын маалыматтык коопсуздук боюнча түшүнүктөрдүн болушу;
  • Методикалык колдонуулардын электрондук варианттары менен мугалимдердин камсыз болушу.

Алсыз жактары:

  • Ички-сырткы миграциянын жана социалдык жактан аз камсыз окуучулардын көбөйүшү;
  •  Окуу көркөм адабияттарынын жетишсиздиги.
  • 7-8-9-класстарга окуу китептерин жетишсиздиги
  • Орус тили, англис тили, информатика сабактарынан группага бөлүнбөгөндүгү

Сунуштар:

  • 9-класстын бүтүрүүчүлөөрүн НЦТга катышуусуна ата-эненин кызыктар болушун камсыздоо;
  • ИТП өсүшү менен окуучу менен педагогдун билимдеринин шайкеш келиши;
  • Электрондук китеп, электрондук журнал, күндөлүктөр менен иштөөнү жүзөгө ашыруу.

Программалык аккредитация

 №Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
2.      Компетенттүү окутууну ишке ашыруу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо
2.1.Окутуунун пландаштырылган максаттарынын болушуКүнүмдүк сабактын пландарында окутуунун максаты окуучунун позициясына карата коюлуп, анын ишке ашуусуна өбөлгө түзүлөт. Билим берүү стандарты боюнча  мугалимдер ар дайым өз билимин жогорулатуунун үстүндө иштешет. Окутуунун максаттары усулдук бирикмелердин пландарына киргизилген. Ошондой эле ар бир мугалим өзүнүн усулдук темасы боюнча иш жүргүзөт. Интернет булактарынан да керектүү колдонмолорду алып, сабактын планына  киргизип, колдоно алышат. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында тажрыйбалуу мугалимдер иштеп чыккан программа, пландарынын негизинде да иш алып барышат. Кыргыз тили сабагынан алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу максатында, биздин мектепте шаардык семинар өткөрүлдү. Ал семинарды Базарбаева Ж.А, Орозакунова А.Э., Жолдошбаева Ф.Г, Эсенбеков Т.Э. эң жогорку деңгээлде  өтүп,шаардык мугалимдердин ыраазычылыгына ээ болгон.
Акыркы жылдарда окутуунун жаңы ыкмалары менен иштөө мезгилдин талабы болуп калды. Окутуунун жаңы технологиялары окуучулардын чыгармачыл жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу аркылуу алардын компетенттүүлүгүн өнүктүрүү, ой жүгүртүүсүн өстүрүү, сүйлөө кебин өстүрүү, тарбиялоо, билгичтиктерин, жөндөмдүүлүктөрүн калыптандыруу, окутуудагы жана турмуштагы маанилүү маселелерди чече билүүсү, топ ичинде биргелешкен үзүрлүү иш-аракеттик жөндөмдүүлүгү,  маалымат булактары менен иштөөдөгү тактык, тыкандык жана башка максаттарын көздөйт. Аталган ыкмаларды мектептин мугалимдери күнүмдүк сабактарда, ачык сабактарда, предметтик декадаларда колдонуп келишет.
1.Календарлык-тематикалык пландаштыруу жобосу

2.Сабактын план-конспектисин жазуу жөнүндө жобо

3.Ачык сабактарды өтүү жөнүндө жобо

4.Сабактын технологиялык картасы

5.КТП биология сабагы

6.КТП англис тили

7.КТП орус тили

8.КТП кыргыз тили жана адабияты

9.КТП тарых

10.Англис тили сабагынын иштелмеси

11.Биология сабагынын иштелмеси

12.Физика сабагынын иштелмеси

13.Орус тили сабагынын иштелмеси

14.Математика сабагынын иштелмеси

15.Башталгыч класстын иштелмеси

2.2.Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонууМектептин билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык так аныкталган билим берүү максаттары иштелип чыккан. Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу окутуу процессин активдештирүүгө, сабактын темпин жогорулатууга, окуучулардын өз алдынча жана жекече ишинин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Инсандын өз алдынча өнүгүүсүн камсыз кылат, окуучунун мотивациясын күчөтөт, ой жүгүртүү ишин активдештирет, окуучулардын коммуникативдик жана маалыматтык компетенциясын калыптандырууга мүмкүндүк берет.

Окутуу-тарбиялоо процессинде ар кандай инновациялык технологияларды колдонуу жана билүү замандын талабы. Ошондуктан, биздин мектептин мугалимдери да жаӊы технологияларды колдонуу менен сабактарды өтүүдө.

PISA-2025 -жетишкендиктерин баалоо эл аралык программасы боюнча предметтик мугалимдер тесттерди даярдап алып жатышат.

Мектеп ичинде өткөрүлгөн декадаларда, бирдиктүү методикалык күндө, күнүмдүк сабагында толугу менен колдоно алышат.

Интерактивдүү досканы колдонуу менен инновациялык технологияларды мугалимдер толугу менен өздөштүрө алышат.

 

1.Усулдук бирикменин жобосу

2.Илимий-усулдук кеңешинин жобосу

3.2021-2023-окуу жылындагы усулдук иштер боюнча жылдык иш планы

4.Предметтик декадаларарынын өткөрүлүшү жөнүндө жобо

5.Предметтик декадаларынын өтүү графиги (2021-2022, 2022-2023)

6.2019-2023-окуу жылынын эстетика бирикмесинин жылдык иш планы

7.Орус тили бирикмесинин жылдык иш планы 2020-2023-окуу жылы

8.Орус тили бирикмесинин анализи ( 2021-2022)

9.Так илимдер бирикмесинин жылдык иш планы ( 3 жыл )

10.Так илимдер бирикмесинин жыйынтык анализи (2021-2022)

11.Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө аткарылган иш-чаралардын анализ отчету (2021-2022)

12.Аралыктан окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобо

13.Аралыктан окутуунун буйругу

14.Дистанттык окутууну текшерүүнүн жыйынтыгы

15.Мугалимдердин методикалык күнү жөнүндө жобо

2.3.Окутууну баалоодо жана корректировкалоодо кайтарым байланыш механизминин болушуБилим берүүнүн стандарттык талабына ылайык окутууну баалоодо жана корректирлөөдө баалоонун түрлөрү колдонулат (критерий, көрсөткүч, ички баа берүү, сырткы баа берүү, мониторинг, байкоо жүргүзүү, маектешүү, өзүнө баа берүү, маалыматтарды чогултуу). Мектептин директору, окуу-тарбия иштери боюнча орун басары тарабынан жылына өзүн-өзү баалоо максатында мониторингдер жүргүзүлүп турат. Окуучулардын өзүн-өзү баалоосу жана бири-бирин баалоосун колдонуу ар бир сабакта пайдалануу сунуш кылынат жана практикада колдонулуусуна көзөмөл жүргүзүлөт. Мектепте кайтарым байланыштын төмөнкү формалары каралган: фронталдык сурамжылоо, байкоо, суроо-жооп, тестирлөө, зачет, өзүн-өзү баалоо, практикалык иштер, лабораториялык иштер. Окуучулардын жазуу иштеринин жыйынтыгы окуу бөлүм башчысы тарабынан көзөмөлдөнүп, конкреттүү сунуштар берилет. Мектепте андан кийинки талдоо менен сабактарга өз ара катышуу жүзөгө ашырылат, педагогдордун өзүн-өзү баалоо формалары колдонулат.1.Окуу дептерин жүргүзүү жана аларды текшерүү жөнүндө жобо

2.Дептер текшерүүнүн анализи

3.Админстративдик контролдук иштерди жүргүзүү жөнүндө жобо

4.Текшерүү иштерин жүргүзүү жөнүндө жобо

5.Текшерүү ишинин анализи

6.Ички көзөмөлдү жүргүзүү жөнүндө жобо

7.2022-2023-окуу жылына түзүлгөн ички көзөмөлүнүн жылдык планы

8.Салыштыруу анализ мониторинги ( 3 жыл )

9.2019-2020-окуу жылынын 1-жарым жылдыкта билим сапатын текшерүүнүн анализ отчету

10.Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо

11.Жалпы мониторинг ( 3 жыл )

12.Окуу сабактарына катышуу жобо ( 1 )

13.Сабакка анализ

14.Сабакка анализ берүүнүн картасы

15.Мектеп ичиндеги предметтик олимпиаданы өткөрүү жөнүндө жобо

16.Мектеп олимпиадасы 2021-2022-окуу жылы

17.Мектеп ичинде өткөрүлгөн предметтик олимпиада боюнча анализ (2021-2022)

18.Предметтик олимпиадасынын жыйынтыгы (2018-2019)

19.Башталгыч класстын окуу техникасынын жыйынтыгы ( 3 жыл )

20.Билим сапатын көтөрүү боюнча протоколу №4

2.4.Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын  системасынын болушуБилим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктери  баалоонун ведомосттору уюштурулган. Окуучулардын жазуу жана оозеки иштеринин негизинде чейректик жана предметтер боюнча мониторингдер жүргүзүлүп турат. Мектеп ичинде чейректик баалар, жазуу иштери, тесттердин жыйынтыгы боюнча отчеттор кабыл алынат, мониторинг жүргүзүлүп, салыштырылат. Ар бир мугалим алдына  коюлган талаптары жана милдеттери аркылуу окуучулардын керектөөлөрүн канааттандырат. Алган билимдерин чейректик, жылдык баа аркылуу баалайт. Бардык  класстагы окуучулардын жетишүүсү боюнча  мугалимдердин педагогикалык, өндүрүштүк кеңешмелеринде талкуу жүргүзүлөт. Сабакта жетишпеген окуучулар менен атайын түзүлгөн иш-пландын негизинде иш алып барылат. Зээндүү жана таланттуу балдар менен да өзүнчө иш алып барылат. Билим берүү башкармалыгы тарабынан предметтер боюнча билим кесилиши график менен планга коюлуп, учурунда алынып турат.1.Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо системасы жөнүндө жобо

2.Окуу тарбия иштери боюнча жылдык план ( 3 жыл )

3.Ишмердүүлүктүн жыйынытыктарынын анализи 2019-2022-окуу жылы

4.Жалпы мониторинг ( 3 жыл )

5.Билим кесилиштери 2019-2020

6.Билим кесилиштери 2022-2023

7.1-чейректин предметтер боюнча мониторинги

8.Зээндүү жана таланттуу окуучулар менен иштөөнүн жобосу

9.Таланттуу окуучулар менен иштөө 2019-2023-окуу жылы

10.Окууда жетишпеген окуучулар менен иштөө жобосу

11.Окуудагы жетишпеген окуучулар менен иштөөнүн анализи 2021-2022-окуу жылы

12.Начар окуган окуучулар менен иштөө планы 2019-2023-окуу жылы

13.Окуучулардын портфолиосу жөнүндө жобо

2.5.Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол-жоболору жана жыйынтыктары,   ошондой эле аларды кайра кароо жол-жоболору жөнүндө маалымдоо системасынын болушуМамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясына даярдык апрель айынан башталат. ЖМАны өткөрүү жол- жоболору мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар үчүн атайын уюштурулган стендде илинет. Мектеп-2018-жылы аккредитациядан  беш жылга өткөн. Билим берүүнүн сапатын баалоо системасын ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө мониторинг, жылдык отчеттор аркылуу маалымат берилет. Окуучуларга баалоонун колдонулуучу эрежелери, жол жоболору жана жыйынтыктары ошондой эле аларды кайра кароонун жол жоболору жөнүндө маалымдоо системасы толук жеткирилген. Баалоодо, диагностикалык, формативдик, жана жыйынтыктоочу баалоолор колдонулат. Ошондой эле окуучулардын билим сапаты, жетишүүсү дайыма өндүрүштүк, педагогикалык кеңештерде каралат, жыйынтык чыгарылып, талданат. 

1.Окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо системасы жөнүндө жобо

2.ЖМА жөнүндө жобо

3.Балдардын маалымат коопсуздугу жөнүндө маалымат

4.Окуучулардын ден соолугуна жана өнүгүшүнө зыян келтирүүчү интернеттеги маалыматтардан коргоо боюнча жобосу

5.Жалпы мониторинг ( 3 жыл )

6.Билим сапаты боюнча отчет 2021-2022-окуу жылы

7.Билим сапаты боюнча отчет 2020-2021-окуу жылы

8.2019-2020-окуу жылынын 1-жарым жылдыкта билим сапатын текшерүүнүн анализ отчету

9.Билим сапатын көтөрүү боюнча протоколу №4

10.Арыз даттанууларды кабыл алуу жобосу

2.6.Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонууМектептеги билим берүү  кызматтарынын натыйжалуулугу ар бир класста өткөрүлгөн  ата-энелер чогулушунда жана жалпы ата-энелер чогулушунда талкууланат. Мектепте окуп жаткан окуучулардын социалдык абалы анализденет жана ошол боюнча соц.педагог тарабынан  иштер аткарылат.

Мектеп окуучуларынын өмүрү жана ден соолугунун коопсуздугу үчүн мектепте күндүзгү күзөтчү жана дежур мугалим иш жүргүзөт. Ошондой эле 2022-окуу жылында окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн 7 видео камералары  орнотулган. Дааратканалар иштейт. Мектептин айланасын жашылдандыруу ата-энелер, окуучулар жана мугалимдер тарабынан жылына ишке ашырылып турат. Мектеп окуучуларынын тамактануусу, жарык берүү, жылытуу жана желдетүү боюнча санитардык-гигиеналык нормалары талапка ылайык сакталган.

Окуучулардын физикалык активдүүлүгү үчүн атайын спорт аянтчалары, спорт зал бар.

Мектеп интернет тармагына кошулган жана окуучулардын маалымат издөөсү үчүн шарт каралган.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн пандус орнотулган.

 

1.Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарынын кызматтык милдети

2.Социалдык педагогдун кызматтык жобосу

3.Тарбиялык иштердин жылдык отчету ( 3 жыл )

4.Социалдык падогогдун жылдык иш планы 2022-2023-окуу жылы

5.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2021-2022-окуу жылы

6.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2020-2021-окуу жылы

7.Социалдык падогогдун жылдык иш планы 2019-2020-окуу жылы

8.Социалдык педагогдун жылдык отчету ( 3 жыл )

9.Социалдык паспорт 2021-2022-окуу жылы
10.Социалдык паспорт 2020-2021-окуу жылы

11.Окуучулардын социалдык абалы боюнча отчету 2020-2021-окуу жылы

12.Мигранттардын балдары менен жүргүзүлгөн иштердин планы

13.Мүнөзү оор окуучуларга өткөрүлгөн тренингдин жыйынтык анализи

14.Психологдун функционалдык милдеттери

15.Психологдун кызматтык жобосу

16.Психологдун өнүгүү планы (2022-2027)

17.Педагогикалык-психологиялык кызматынын иш планы 2022-2023-окуу жылы

18.Педагогикалык-психологиялык кызматынын иш планы 2021-2022-окуу жылы

19.Психологдун 2021-2022-окуу жылына түзүлгөн иш планы

20.Психологдун аткарылган иштеринин жылдык отчету 2021-2022-окуу жылы

21.Психологдун учетунда турган окуучулардын тизмеси 2021-2022-окуу жылы

22.5-класстын көндүмдөрүн текшерүү жана ата-эне, мугалимдерге сунуштар

23.Медициналык кабинет жөнүндө жобосу

24.Мектеп врачы менен бирдиктүү иш план 2022-2023-окуу жылы

25.ГАИ менен бирдиктүү иш планы 2022-2023-окуу жылы

26.Мектептин өрт коопсуздугу боюнча жобосу

27.Коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө жобо

28.Коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын планы

29.Техникалык коопсуздук эрежесинин жолдомосу

30.Жолдо жүрүү эрежесинин жолдомосу

31.Адам баласынын айттырбай келүүчү кырсыктарды окуучуларга жеткирүү үчүн алдын алуу максатында түзүлгөн иш план

32.Мектеп коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуучулардан алынган сурамжылоонун жыйынтык анализи

33.2022-2023-окуу жылынын ата-энелер менен иштөө планы

34.Ата-энелер менен иш алып баруу үчүн жүргүзүлгөн иш-чаралардын иш планы 2022-2023-окуу жылы

35.Ата-энелерден алынган анкета

36.Дене тарбия сабагындагы коопсуздук жөнүндө жобосу

37.Мектеп окуучуларынын спартакиадасы жөнүндө жобосу

38.Педагогикалык кызматкерлердин профессионалдык этикасынын кодекси

39.Окуучулардын этикалык кодекси

40.Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө жобо

41.Билим берүү мекемелеринде акча каражаттарын жана башкаларды чогултууга тыюу салуу жөнүндө жобо

42.Укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча кеңеш түзүү жөнүндө жобо

43.Укук бузуучулукту алдын алуу боюнча анализ-отчет ( 2019-2022 )

44.Укук бузуучулуктун алдын алуу боюнча жылдык иш планы ( 3 жыл )

45.Укук бузуучулуктун алдын алуу максатында профилактикалык кеңеш түзүү жана милициянын жаш досу жөнүндө буйругу

46.ИДН менен бирдиктүү иш план ( 2020-2023)

47.ДЮП буйрук

48.Өрт коопсуздугу менен биргелешкен иш план ( 2 жыл )

49.Окуучуларды мектеп ичиндеги каттоого коюу жөнүндө жобосу

2.7.Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасыУлуттук тестирлөө борбору тарабынан 9-класстарына тест жүргүзүлөт. Жыйынтыгы менен окуучуларды тааныштырып, өндүрүштүк кеңешмеде билим сапаты төмөн болгон сабактарды  предметтик мугалимдерге тааныштырып, сапатты көтөрүү боюнча  иш жүргүзүүсү милдеттендирилет жана көзөмөлгө алынат. Билим сапаты төмөн болгон предметтик мугалимдерге, начар өздөштүргөн окуучулар  менен иштөөсү администрация тарабынан көзөмөлгө алынат.

Окуучулардын билимдерин баалоо үчүн  предметтер боюнча билим кесилиши алынат, жазуу иштери чейрек боюнча алынып, салыштырылат. Ал эми предметтер боюнча жана параллель класстардын билим сапаты дагы учурунда бааланып, мониторинг чыгарылат.

Алдыда келе жаткан окуу жылдарга окуучулардын тышкы баалоосуна өзгөчө көңүл буруу пландалууда. Ички  баалоонун жыйынтыгы менен мугалимдер эмненин үстүнөн иш жүргүзүүнү  анализ кылышат.

 

1.Билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жөнүндө жобо

2.Мониторинг жүргүзүү жөнүндө буйрук

3.Билим сапаты боюнча отчет 2021-2022-окуу жылы

4.Билим сапаты боюнча отчет 2020-2021-окуу жылы

5.НЦТ жыйынтык анализ

6.Салыштыруу анализ мониторинги ( 3 жыл )

7.Предметтер боюнча окуучулардын жетишүү мониторинги ( 2 жыл )

 

2.8.Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана киргизилген жол-жоболордун болушуКызыктар тараптардын арыздарын каттоо менен алардын мүдөөлөрүн канааттандыруу үчүн мугалимдер жамааты менен биргеликте иш жүргүзүлөт. Мектепте окуучулардын арыздары (даттануулары), каалоо- тилектерди, билдирүүлөрдү салуу үчүн көрүнүктүү жерде “Ишеним почтасы” ачылган. Бир жумада бир жолу ачылып, даттануунун мазмуну атайын журналга түшүрүлүп, директор алдындагы кеңешмеде каралып, анализ жүргүзүлөт, акт түзүлөт, жыйынтыгы чыгарылат. Ар бир окуучудан түшкөн каттар анонимдүү түрдө болот. Мектепте талаш-тартыштарды жөнгө салуучу комиссиясы түзүлгөн. Ал комиссияда каралган маселелер протокол менен бекитилет. Мектептин администрациясынын эшиги бардык окуучулар үчүн ачык. Ар бир окуучу кайсы учур болбосун мектептин бардык маселелери боюнча кайрылууга мүмкүнчүлүгү бар. Окуучулар, ата-энелер же башка кызыкдар тараптар тарабынан даттануу же доомат коюлушу мүмкүн болсо, ал мектептин кезексиз педагогикалык кеңешмесинде каралат. Бир да кайрылуу көзөмөлсүз калтырылбайт.1.Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобосу

2.Окуучуларды мектепке кабыл алуу боюнча жобо

3.Ишеним почта жөнүндө жобо

4.Талаш-тартышты жөнгө салуучу комиссия жөнүндө буйрук

5.Эмгек тартибинин ички эрежелери

6.Мектеп-администрация жетекчилеринин жарандарды жеке кабыл алуу

7.Ата-энелер комитети жөнүндө жобо

8.Дежур болуунун жобосу

9.Дежур мугалимдин графиги

Күчтүү жактары:

  • Окуу-тарбия процессинде жылыга анализ берилип, мектептин көйгөйлөрүнүн аныкталышы;
  • Билим сапатынын пайызынын сакталышы;
  • Окууда жетишпеген окуучулар менен иштөө жөнгө салынышы;
  • Окутуу жана тарбиялоо процесстеринде бардык талаптардын аткарылышы;
  • Кайтарым байланыш механизмдеринин туура жүргүзүлүшү;
  • Мугалимдердин технологияларды, МКТ каражаттарын өздөштүрүүсү;
  • Кайтарым байланыш механизмдеринин туура жүргүзүү менен жетишкендигин, кемчиликтерди табуу менен өз убагында иш алып баруу.

Алсыз жактары:

  • Айрым окуучулардын уюлдук телефондорго кызыгууларынын ашыкча арткандыгы;
  • Айрым мугалимдердин традициялуу сабак берүү ыкмасынан чыга албагандыгы;
  • Окуучулардын социалдык абалы;

Сунуштар:

  • Акыркы жылдарда окутуунун жаңы ыкмалары менен иштөө мезгилдин талабына ылайык ыкмаларды үйрөнүү;
  • Сабакта жетишпеген окуучулардын ата-энелери менен тренинг жана биргелешкен окууларды байма-бай өткөрүү:

Программалык аккредитация

 №Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
3.      Кадр саясатынын эффективдүүлүгү
                 3.1Педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү

 

 

Мектеп-мамлекеттик программалар жана окуу-тарбия процессинин талаптары боюнча педагогикалык кадрлар менен толук камсыздалган. Мугалимдер үчүн негизги жумуш берүүчү болуп, мектеп эсептелет. Бекитилген штаттык жүгүртмөнүн негизинде иш алып барылат. Кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы ар жыл сайын кызматкерлердин келип-кетүүсүнө жараша жаңыланып турат. Жыл сайын кызматкерлер тарификациядан өткөрүлүп турат.Мектептин педагогикалык жамааты ынтымактуу жана иш билги, компетенттүү курамдан турат. Бардык мугалимдердин билим берүүгө уруксат берилген тастыктоочу диплому, билими жана окуучулар менен иштөөгө профессионалдык тажрыйбасы бар. Мектепте жалпысынан 46 мугалим эмгектенет. Администрация мүчөлөрүнүн саны – 6. Бардык мугалимдердин билими жетиштүү, өз предметин билет, технологияны өздөштүрө алышат. Кызматкерлерди жумушка кабыл алууда жана бошотууда КРнын Эмгек Кодексинин негизинде иш жүргүзүлөт.

1.2018-2023-окуу жылынын штаттык жүгүртмөсү

2.Мугалимдердин сандык-сапаттык курамы 2018-2023-окуу жылы

3.Тарификация жөнүндө жобо

4.Тарификация 2018-2022-окуу жылы

3.2.Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү,  ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу

 

 

Мектепке билим процессинин катышуучуларынын коопсуздугун алдын алуу максатында 7 видео көзөмөл камералары коюлган. Мугалимдердин сабак өтүүсү, окуучулардын сабакка келип кетүү, катышуусу көзөмөлгө алынып турат

Мектеп дене-бой жана психологиялык жактан коопсуз чөйрөнү камсыз кылуучу механизмдер жана жол-жоболор орнотулган. Ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоо жана анын натыйжалары боюнча чечимдерди кабыл алуунун далилдери бар. Ар бир кабатта эвакуациялык пландар илинген. Ɵрт коопсуздугунун инструкциялары мектеп жамаатына тааныштырылат. Мектептин соц. педагогу жана психологу бирдиктүү алдын алуу иш-чараларын өткөрүү менен иш алып барышат. Анкета алуу менен физикалык жана социалдык-психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кыла алышат. Психолог окуучулардын психологиялык жагдайын изилдеп, көйгөйлүү балдарды өзүнүн карамагына алып, иш алып барат. Мектепте физикалык жана психологиялык  коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн педагогдор менен ата-энелер, окуучулар  ортосунда үч тараптуу байланыш бар. ИДН жана  медициналык кызматкер иш алып барат. Мектепте ички эмгек тартибинин эрежелери, эмгек келишимдери, кызматтык нускамалар, жамааттык келишим уюштурулган.

1.Мектеп жетекчилеринин функционалдык милдеттеринин бөлүштүрүлүшү жөнүндө жобосу

2.Мектеп директорунун милдети

3.Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басарынын кызматтык нускамасы

4.Мугалимдердин кызматтык милдеттери

5.Усулдук иштер боюнча директордун орун басарынын функционалдык милдеттери

6.Психологдун функционалдык милдеттери социалдык педагогдун кызматтык милдеттери

7.Социалдык педагогдун кызматтык милдеттери

8.Китепканачынын милдеттери

9.Күзөтчүнүн милдеттери

10.Класстан тышкаркы иштерди уюштуруусунун функционалдык милдеттери

11.АХЧнын функционалдык милдети

12.Психологдун функционалдык милдеттери

13.Дежур болуунун жобосу

14.Класс жетекчинин кызматтык жобосунун нускамасы

15.2020-2023-окуу жылындагы класс жетекчилер жөнүндө маалыматы

16.Педагогдордун жана ата-энелердин укуктары

17.Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарынын функционалдык милдети

18.АКТ испытания Автоматической пожарной сигнализации

19.Акт проверки противопожарного объекта

20.Психологиялык кызматтын жобосу

21.Социалдык педагогдун кызматтык жобосу

22.Социалдык педагогдун жылдык иш планы (2022-2023)

23.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2021-2022-окуу жылы

24.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2020-2021-окуу жылы

25.Социалдык педагогдун жылдык иш планы 2019-2020-окуу жылы

26.Социалдык педагогдун жылдык отчету ( 3 жыл )

27.Психологиялык кызматтын жылдык иш планы (2022-2023)

28.Психологиялык кызматтын айлык иш планы (2022-2023)

29.Педагогикалык-психологиялык кызматынын иш планы 2022-2023-окуу жылы

30.Педагогикалык-психологиялык кызматынын иш планы 2021-2022-окуу жылы

31.Психологдун 2021-2022-окуу жылына түзүлгөн иш планы

32.Психологдун өнүгүү планы (2022-2023)

33.Психологдун учетунда турган окуучулардын тизмеси 2021-2022-окуу жылы

34.Социалдык-психологиялык жактан аткарылган иштер тууралуу маалымат

35.Социалдык паспорт 2021-2022-окуу жылы

36.Социалдык паспорт 2019-2020-окуу жылы

37.Окуучулардын социалдык абалы боюнча отчету 2020-2021-окуу жылы

38.5-класстын көндүмдөрүн текшерүү жана ата-эне, мугалимдерге сунуштар

39.5-класстардан алынган психологиялык тесттин жыйынтыгы

40.Мүнөзү оор окуучуларга өткөрүлгөн тренингдин жыйынтык анализи

41.Мигранттардын балдары менен жүргүзүлгөн иштердин планы

42.2022-2023-окуу жылынын ата-энелер менен иштөө планы

43.Ата-энелерден алынган анкета

44.Педагогдордун жана ата-энелердин укуктары

45.Мектеп врачы менен бирдиктүү иш план 2022-2023-окуу жылы

46.ГАИ менен бирдиктүү иш планы 2022-2023-окуу жылы

47.Мектеп жамаатын жумушка кабыл алуу, которуу жана жумуштан бошотуу тартиби

48.ИДН менен бирдиктүү иш план ( 2020-2023)

49.Эмгек келишими

50.Жамааттык келишим

3.3.Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушуМектеп-өз ишин компетенттүү персонал менен камсыз кылуу үчүн натыйжалуу кадр саясатына ээ.

Мектепте үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү иши жакшы колго алынган. Үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү мугалимдердин педагогикалык компетенттүүлүк деңгээлин аныктайт.

Окуу жылынын башталышында атайын бекитилген графиктин негизинде мугалимдер квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүшөт. Ар бир мугалимдин кесиптик жактан өнүгүүсүнө шарттардын баары бар. Квалификацияны жогорулатуу боюнча КРнын ББИМ алдындагы РПККЖЖ жана КДИден билимин жогорулатып турушат.Жаңы келген жаш адистерге насаатчылар бекитилип, иш алып барылат. Мугалимдер 5 жылдык өнүгүү планынын негизинде иш алып барышат. Ар бир усулдук бирикмедеги мугалимдер мектептин проблемалык темасынын негизинде темаларын тандап алышып,окуучулардын билим сапатын көтөрүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

1.Насаатчылык жөнүндө жобосу

2.Жаш мугалимдер мектеби жөнүндө жобосу

3.Жаш мугалимдер менен иштөө планы ( 2021-2022, 2022-2023 )

4.Насаатчылардын жаш мугалимдер менен иштөөсүнүн анализ-отчету 2021-2022-окуу жылы

5.Квалификациясын жогорулатуу жөнүндө жобосу

6.Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курсуна баруу графиги

7.Сертификаттар

8.Мугалимдердин өз билимин жогорулатуулары боюнча анализи ( 5 жыл )

9.Педагогдук ишти иштөө укугу

10.Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүү боюнча жеке пландары

11.Мугалимдердин портфолиосу жөнүндө жобо

12.Мугалимдин портфолиосунун үлгүсү

Күчтүү жактары:

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын беренелерине ылайык иш алып баруусу;
  • Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарына баруусу;
  • Видео көзөмөлдүн ар бир кабинетте болушу;
  • Бардык талаптарга ылайык мектептин тазалыгынын сакталышы, санитардык гигиеналык нормалардын аткарылышы;
  • Социалдык педагогдун, психологдун ата-энелер, балдар менен тыгыз иш алып баруусу;

Алсыз жактары:

  • Кенже техникалык кызматкерлердин айлык акысы аз болгондугуна байланыштуу, мектепке кармап калуу көйгөйү

Сунуштар:

  • Мугалимдер, окуучулар жана ата-энелерге жакындан психологилык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу үчүн анкеталарды алуу;
  • Билим берүүгө компетенттүү багыт алууну ишке ашыруу;
  • Жаш адистердин ЖОЖдордон алган билимдеринин азыркы талапка жооп берилишин көзөмөлдөө.

Программалык аккредитация

 №Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлерӨзүн-өзү баалоонун натыйжаларыТастыктоочу база
4.      Материалдык-техникалык база
4.1.Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушуМектеп 2008-жылы курулуп бүтүп, ишке берилген. Мектептин аянты-0,51га.  Мектептин сыйымдуулугу-198 окуучуга ылайыкталган. Учурда мектепте 1108 окуучу билим алууда. Мектеп 1 кабаттан  турат.Окуу кабинеттери: кыргыз тили, чет тили, орус тили кабинеттери бар, аянттары 30м2, тарых, география, адеп  кабинеттери бар, аянттары: 30м2.  физика, химия, биология,  информатика кабинеттер бар. Администрациялык 2 кабинеттер бар. 8 көзөнөктүү, аянты 25 мболгон дааратканалар бар. Китепкана бар. Мектептин спорт залы-283м2. Аянты: 48 м2, 40 орундуу ашкана бар.   Мектеп электрдик-конвектору менен жылыйт. Мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар үчүн мектептин кире беришинде пандус орнотулган. Окуучулар колдонгон компьютерлердин саны-32  интерактивдик (электрондук) доска – 3, проектор – 6. Жыл сайын мектептин МТБсы жаңыртылып, ремонттолуп турат.1.Жер боюнча мамлекеттик АКТ

2.Окуу кабинетинин жобосу

3.Компьютерлер, интерактивдүү доска, панелдер, проекторлор жөнүндө маалымат

4.МТБ жөнүндө маалымат

5.Инвентаризация 2022-2023

6.Инвентаризация 28.09.2022

7.Инвентордук сүрөттөмө 2021-2022-окуу жылы

8.Окуу китептерин колдонуу жөнүндө жобо

9.Китепкана жөнүндө жобо

10.Интернетти пайдаланууну жөнгө салуу жөнүндө жобо

11.Майып балдарга кызмат көрсөтүү жөнүндө жобосу

12.Мектептин сүрөттөрү

13.Окуу кабинеттеринин паспорттору

14.Окуу кабинеттеринин паспорттору 2

15.Маалыматтын ачыктыгы жөнүндө жобо

16.Химия, физика, информатика кабинетиндеги коопсуздук эрежелери

 

4.2.Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)Мектеп санитардык –гигиеналык ченемдер менен эрежелерге, өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле КРнын эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык эмгекти коргоо жана коопсуздук ыкмасынын талаптарына дал келет. Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча мугалимдерге жана тех.кызматкерлерге жылына эки жолу, ал эми окуучуларга ар бир чейректе бир жолу нускамалар өткөрүлөт. СЭ эрежелерди аткаруу үчүн ар бир окуу таанышкан, кабинеттеринде санитардык бурч уюштурулган. Күнүнө эки жолу тазалоочулар тарабынан нымдуу тазалоо иштери жүргүзүлүп турат, мектепте жылына бир жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт.  Жыл сайын өрт өчүрүүчү каражаттарды жаңыртуу иштери жүрүүдө. Мектеп администрациясы менен профсоюз уюмунун ортосунда өндүрүштүк иште эмгекти коргоо, шартты жакшыртуу, ооруну азайтууга арналган иш-чаралар өткөрүлөт.  Медициналык тейлөө кабинети бар. Кабинет биринчи медициналык жардам берүүчү каражаттар менен камсыздалган. Окуучуларга өз учурунда керектүү медициналык тейлөө жүргүзүлөт.1.АКТ испытания Автоматической пожарной сигнализации

2.Акт проверки противопожарного объекта

3.Өрт коопсуздугунун жана техника коопсуздугу боюнча мугалимдер жана тех персоналдарга өтүлгөн инструкция

4.Кызматкерлердин эмгекти коргоо боюнча техникалык коопсуздук журналы

5.Өрт коопсуздугун камсыздоо буйругу

6.өрт коопсуздугу боюнча инструкция

7.Өрт коопсуздугу боюнча инструктаж журналы

8.Дене тарбия сабагындагы коопсуздук жөнүндө жобосу

9.Техникалык коопсуздук эрежесинин жолдомосу

10.Жолдо жүрүү эрежесинин жолдомосу

11.Адам баласынын айттырбай келүүчү кырсыктарды окуучуларга жеткирүү үчүн алдын алуу максатында түзүлгөн иш план

12.Мектеп кызматкерлеринин иш-аракеттери боюнча нускама

13.Мектеп коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуучулардан алынган сурамжылоонун жыйынтык анализи

14.Иш-чараларды өткөрүү убагындагы техникалык коопсуздук

15.Тамак-ашын уюштуруу жөнүндө жобо

16.Окуучулардын тамактануусу боюнча маалымат

17.Бышырылган тамак-аш өндүмдөрүн бракераждоо журналы

18.Ашкана кызматкерлеринин тазалык журналы

19.Бекер тамак 5-7-класстар 2021-2022-окуу жылы

20.Окуучуларды каттоо журналы ( бекер тамак )

21.Эмгекти коргоо боюнча инструктаж журналы

22.Мектепте эмгекти коргоо эрежелери жөнүндө буйрук

23.Эвакуациянын схемасы

24.Антитеррордук паспорт

25.Антитеррордук паспорттогу мугалимдердин тизмеси

26.Антитеррордук паспорт

27.Санитардык гигиеналык талаптар

28.Медициналык кабинет жөнүндө жобосу

29.Мед кызматкеринин иш планы ( 2019- 2022 )

30.Кызматкерлердин жумуш убактысынын режими жана эс алуу убактысы жөнүндө жобо

31.Коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө жобо

32.ДЮП буйрук

33.Өрт коопсуздугу менен биргелешкен иш план ( 2 жыл )

34.Санитардык абал жөнүндө маалымат

4.3.Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушуМектептин материалдык-техникалык базасын анализдөө максатында инвентаризация жүргүзүлүп турат. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан физика жана география ж.б, кабинеттеринде 2  телевизор менен жабдылса, мектепте 3 интерактивдүү доска, 1 интерактивдүү система, “Мега билим” долбоору менен келген 7 компьютер  жана 25  компьютер менен камсыздалган. 2020-жылы мектептин сырткы даараткана  толугу менен ремонттолуп чыкты. 2022-жылы апрель айында 10 компьютер, 2022-жылдын август айында 15 компьютердик стол, 2022-жылдын ноябрь айында 7 шт. видеобайкоо, 15 компьютер менен камсыздалды.  Мектеп толугу менен тосулган. 2023-жылы январь айында 6 проектор келген. Алар химия, биология, математика, физика, география кабинеттерине, китепканага орнотулду.1.Чарбалык иштерди уюштуруу жөнүндө жобо

2.2019-2023-окуу жылынын чарба иштери боюнча жылдык иш план

3.Материалдык техникалык базанын 2019–2022-окуу жылына карата жакшыртуу планы

4.Билим берүү процессинин катышуучулары жана кызыктар тараптар менен маектешүү анализи

5.МТБны жакшыртуу боюнча сурамжылоо, анкетасынын анализи

6.Окуу китептерин колдонуу жөнүндө жобо

7.Китепкана жөнүндө жобо

8.Китепкананын паспорту 2019-2022-окуу жылы

9.Китепкананын 2019-2022-окуу жылына карата өнүгүү планы

10.2019-2022-окуу жылындагы китепканан ишинин анализи

11.Китепкананын иш планы 2019-2022-окуу жылы

12.2019-2022-окуу жылындагы китепкана ишинин жылдык отчету

13.Китепканадагы жалпы окуу китептери боюнча маалымат 2019-2022

14.2019-2022-окуу жылына керектүү китептеринин тизмеси

15.Окуу китептерин берүү боюнча жыйынтыкталган ведмосу 2019-2022-окуу жылы

16.Окуу фондун толтуруу боюнча маалымдама ( з жылдык )

17.Башталгыч класстардын окуучуларынын окуусун жакшыртуу боюнча 2019-2022-окуу жылынын иш-чаралар планы

18.Китепкананын материалдык-техникалык базасы жөнүндө маалымдама

19.Керектүү китептердин тизмеси ( 4 жыл )

Күчтүү жактары:

  • Мектептин материалдык-техникалык базасынын санитардык, экологиялык, коопсуздук талаптарына жооп бериши;
  • Мектептин компьютердик-технологиялык базанын жаңыртылышы;
  • Окуучулардын билим алуусу үчүн бардык шарттардын түзүлүүсү;
  • Китепканалык фонддун жаңыланып, көбөйүп туруусу;
  • Коопсуздук боюнча бардык талаптардын сакталышы;
  • Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртууга карата пландын ишке ашырылышы.

Алсыз жактары:

  • Жылдан жылга мебелдердин иштен чыгуусу;
  • Лабораториялык иштерди жасоого каражаттардын жоктугу.

Сунуштар:

  • Ар кандай долбоорлорго катышуу менен материалдык техникалык базасын чыңдоо;
  • Материалдык базаны чыңдоо иштерин жүзөгө ашырууга демөөрчүлөр менен иштөөнү уюштуруу;
  • Компьютердик-технологиялык жабдууларды, видео-проекторлор, МФУ-принтерлерди (түстүү) алууга жетишүү.

Корутунду:

Свердлов  районунун №43 толук эмес орто мектеби окуу-тарбия процессин жүргүзүүдө билим сапатын жакшыртуу жана камсыздоо, кадр саясатынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, финансылык ресурстарды колдонуу саясатын жүргүзүүдөгү иштердин багыттарынын ачык-айкындуулугун өзүн-өзү баалоо боюнча отчетунда карап чыгып, комиссия төмөнкү жыйынтыкка келди.

Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органдарга  программалык  аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнү сунуштайт.

Комиссиянын тѳрагасы:

  1. Мектеп директору: __________ Алагушова Н.Т.

Мүчѳлѳрү:

    1. Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары: __________ Орозкулова А.Т.
    2. Социалдык педагог: __________ Бактыбек кызы Мээрим
    3. Мектеп психологу: __________ Аттокурова К.М.
    4. Профсоюз уюмунун төрайымы: __________ Мангельдиева Ч.С.
    5. Башталгыч класстар боюнча директордун орун басары________ Исмаилова Н.А.
    6. Усулдук бирикме жетекчиси________Турусбекова А.К.
    7. Усулдук бирикме жетекчиси________Алимбекова А.А.
    8. Усулдук бирикме жетекчиси________Орозакунова А.Э.